АШАР уктуруусунда никенин баалуулугу жана жубайлардын мамилеси тууралуу психолог Сейил Калдыбаеванын кенештери болду.
Өзүңө берген бааны кантип көтөрүүгө болот? “Бааны көтөрүү” сөз айкашынын өзүн туура эмес колдонобуз. Кандайча? Буга жоопту “Ашар” уктуруусунан уга аласыз.
Ар бир адам жашоосунун кай бир этаптарында кризиске кабылат. Бирок ошол оор учурдан кээ бирибиз тез арада чыгып кете алсак, башкаларыбыз белчебизден батып чыга албай калат экенбиз. Ашар уктуруусунун бул чыгарылышында кризистин этаптары тууралуу сөз болот.
Өз жашооңо өзүң кожоюн бол... Эмне себептен биздин жашообузда хаос, б.а. баш аламандык пайда болот? Эмне себептен чыгуу жолу жоктой туңгуюкка келип такалабыз? Өз жашообуздун кожоюну өзүбүз эмес башка бироолор болуп калышат?
Уулумдун чөнтөгүнөн презерватив таап алдым... Эмне дешти билбей калдым... Бүгүнкү көйгөй сыяктуу көп көйгөйлөр бала өз учурунда үйрөтүлбөгөндүгүндө жана туура үйрөтүлбөгөнүндө. Жашоодо бала менен сүйлөшүүгө мүмкүн эместей сезилген учурлар бар. Мисалы, алардын катарына “кыздык намыс”, “денелик жакындык” деген темалар кирет.