Түз эфир номери:

Номер прямого эфира:

0312 91 19 19
Передачи: Радио ОК diamond БЕРҮҮЛӨР

  • Адеп маселеси ар бир кыргыз баласынын жашоосунда биринчи орунда турган.
    04.12.2019

    Байыртадан элибиз ата салтын, эне адебин ыйык тутуп, балдарына ушуну эң башкы баалуулук катары үйрөтүп, үлгү болуп, канына сиңирип келген. Адеп маселеси ар бир кыргыз баласынын жашоосунда биринчи орунда турган. Кезектеги уктурууда канга сиңген ата салты, эне наркы тууралуу маек курабыз.

  • Тил албас балдар
    26.11.2019

    Бала тил албай, каршылык көрсөтүп, колундагысын ыргытып, жата калып ыйлаган көрүнүш жаш баласы бар дээрлик ар бир үйдө болот. Мунун себептери ар кандай. Ошол себептерге кезектеги уктурууда токтолобуз.

  • Балдарды туура тамактандыруу биз аларга көргөн камкордуктун эң башкыларынын бири.
    19.11.2019

    Балдарды туура тамактандыруу биз аларга көргөн камкордуктун эң башкыларынын бири. Туура тамактануу - чың ден соолуктун кепилдиги. Кезектеги уктурууда балдарыбыздын дени сак болушу үчүн тамак ашына кандай көңүл буруу керектиги тууралуу кеп кылабыз.

  • Дени сак энеден дени сак бала төрөлөт.
    12.11.2019

    Дени сак энеден дени сак бала төрөлөт. Дегеле кош бойлуу айымдарга өзгөчө кастарлоо менен мамиле кылып келген элибизде мына ушул мамиле да олуттуу көңүл бурууга арзыйт. Эне менен наристенин саламаттыгы үчүн кандай аракеттер кылынышы керек деген маселе бүгүнкү уктуруунун өзөгү болмокчу.

  • Ата-эне балдардын жанында өмүр бою болбойт...
    05.11.2019

    Ата-эне балдардын жанында өмүр бою болбойт. Биз аларды өз алдынча жашоого канчалык жакшы даярдасак, алардын турмуш жолуна ошончолук чоң жардам болору анык. "Бирок кантип?" деген суроо туулушу ыктымал. Ал тууралуу кезектеги берүүдө чогуу талкуулайлы.