Түз эфир номери:

Номер прямого эфира:

0312 91 19 19
Передачи: Радио ОК diamond БЕРҮҮЛӨР

  • Баланын өзүмчүлдүгү.
    02.04.2019

    Баланын өзүмчүлдүгү. Меники! Мага! Мен! Бул сөздөрдү балаңыздын лексиконунан көп эле угуп калаттырсыз? Бул дегеле ар бир адамда кездешчү өзүмчүлдүктүн белгиси. Эмесе, бүгүнкү берүүбүздө дал ушул тууралуу сөз кылабыз.

  • Балаңыздин лидер болушун каалайсызбы?
    26.03.2019

    Балаңыздин лидер болушун каалайсызбы? Ага лидерлик сапаттар сөзсүз керек деп ойлойсузбу? Баланы лидер кылып тарбиялоо керекпи, же бала өзү лидер болуп төрөлөбү? Бул маселенин кандай ой-чуңкуру бар? Баланын лидер катары калыптанышында эненин ролу канчалык? Бүгүнкү берүүдө мына ушул суроолор жаатында ой калчайбыз.

  • Апалар жана чоң балдар.
    12.03.2019

    Апалар жана чоң балдар. Балдар чоңойгон сайын, көйгөйлөр да чоңоёт. Кичинесинде тил алчаак болуп, апасынын айтканынан чыкпай, жетеги менен басып жүргөн бала, эр жетип, бой тарта баштаганда эле башкача болуп, каяшасы көбөйө баштайт? Эмне кылуу керек? Чоң балдар менен кантип ынак, жылуу мамиле таба билүүго болот? Келиңиздер, ойлорду ортого салалы.

  • Апалардын лексикону.
    05.03.2019

    Апалардын лексикону. Апалар балдары менен кандай суйлөшөт? А башка адамдар мененчи? Сылыктык эрежелерин балдарга карата да колдонсок кантээр эле? Же андай кылуу ашыкчабы? Келгиле, ойлорду ортого салалы.

  • Балдарын тарбиялоо менен алек болуп, көбүнчө үйдө отурган апалар
    26.02.2019

    Балдарын тарбиялоо менен алек болуп, көбүнчө үйдө отурган апалар өздөрүнө кам көрүп, сулуу, шайдоот болушу керекпи? Же чарчаган, ачууланган абалында жашай бериши керекпи? Албетте, жок! “Апалар мектеби” берүүсүнүн алкагында, ушундай энелер канткенде күнүмдүк жашоосун кызыктуу жана кубанычтуу кыла ала тургандыгы тууралуу ой бөлүшүүгө чакырам.