Балдарыбызга ылайыктуу мектеп тандайбыз.
Баланы жазалагандан кийин өкүнгөн апалар барбы? Кечээ мага апам мен кичине кезимде атамдын көйнөгүнө клей төгүп таштагандыгымды, ошондо ал мени көпкө тилдегенин айтып берди. Көрсө, урушуп алгандан кийин аябай өкүнгөн экен. “Бир буюм учун баламды аябай жаман уруштум” деген өкүнүч болуптур. Мен өзум деле кээде – кыйын күндөрү балама кыйкырып алам., кайра өкүнөм…Кечирим сурайм. Негизи эле баладан кечирим сураш керекпи?
Мектептен бизге ноталык стандан баштап, тригонометрия, эсеп-кысап, кыскасы келечектеги жашоого уйротушот. Мектепти бутуп, ар ким оз жолу менен кетет: бири инженер болот, бири дагы бироо болот. Бирок эн кызыгы – ата-эне болуу кесибине эч ким уйротпойт. Муну эч жерден уйроно албайсын. Профессияны алмаштырса болот, бирок ата-энелик кесипти эмес. Ата-эне болууга даярдануу канчалык чон роль, чон жоопкерчилик. Кээде кичинекей гана кенештен кулак тошоо менен эн чон катаны, эн чон кайгыны айланып отсо болот. Ошондуктан, кымбаттуу ата-энелер, ата-эне болууга уйронуу, даярдануу керек.
Нике жеткилең эмес эки адам тарабынан курулат эмеспи, ошондуктан түшүнбөстүктөр, чыр-чатактар менен жаралануулар сөзсүз болот, булардын натыйжасында бири-биринен кечирим суроо мүмкүнчүлүгү далай эле түзүлөт. Никедеги жашооңор өзүңөргө кубаныч тартуулагыдай болушун кааласаңар, иш жүзүндө «кечире билген жубай» болууну үйрөнүү өтө маанилүү!
Шыктандырууга үйрөнөбүз! Шыктандыруу биз түгөйүбүзгө качандыр бир бере алган эң сонун белектердин бири. Жубайлар бирин-бири шыктандыуу үчүн айткан сөздөрү алардын толук потенциалын ачууга жеткире турган эң зарыл нерсе. Эгерде биз өсүшүбүз үчүн өзүбүзгө керек болгон шыктандырууну баарыбыз алган болсок, көбүбүздүн таланттарыбыз ачылып, дүйнө жүзү эсеп жеткис эң сонун кыялдардын ишке ашырылышын көрмөк.