Түз эфир номери:

Номер прямого эфира:

0312 62 15 55
Передачи: Радио ОК diamond БЕРҮҮЛӨР

  • Жубайлар ортосундагы келишпестикти туура чечүү ыкмалары
    06.02.2020

    Ашар уктуруусунда жубайлар ортосундагы келишпестикти туура чечүү ыкмалары менен психолог Сейил Калдыбаева ой бөлүшөт.

  • «Аял өз вазийпасын кантип табышы керек?»
    30.01.2020

    Ашар уктуруусунун бул чыгарылышында үй-бүлөлүк эксперт Нуржан Талипова мейманда болуп, «Аял өз вазийпасын кантип табышы керек?» деген темада кызуу маек куруп берди.

  • Аялын же күйөөсүн узак убакытка калтырып кеткен мигрант түгөйлөрдү үй-бүлө деп атоого мүмкүнбү?
    23.01.2020

    Аялын же күйөөсүн узак убакытка калтырып кеткен мигрант түгөйлөрдү үй-бүлө деп атоого мүмкүнбү? Дегеле, кайсы учурда жубайларды никеде жашап жатат деп айтууга болот? Психолог Сейил Калдыбаева “Ашар” уктуруусунда ушул суроолорго токтолду...

  • Жемиштүү 2020-жыл.
    26.12.2019

    Жемиштүү 2020-жыл 2020-жылыңыз жемиштүү жана жеңиштүү болушун кааласаңыз, Ашар уктуруусунун бул чыгарылышында психолог Сейил Калдыбаеванын кеңештерине кулак төшөңүз.

  • Күтүүлөр жакшылыкпы же жамандыкпы?
    19.12.2019

    Күтүүлөр жакшылыкпы же жамандыкпы? Мамилелердеги көптөгөн чыр-чатактар дал биз күткөн нерселерге байланыштуу болот. Күткөн нерсебиз оңунан чыкпай калганда, бул өтө чоң көңүл чөгүүгө жана жан дүйнөнүн жаралануусуна алып келет. Андай болбошу үчүн эмне кылуу керек? Ашарда психолог Сейил Калдыбаева жубайлардын күтүүлөрү тууралуу кеп салды.

  • Ашар уктуруусунда психолог Сейил Калдыбаева менен бирге Маслоунун пирамидасы тууралуу кеп…
    12.12.2019

    Ашар уктуруусунда психолог Сейил Калдыбаева менен бирге Маслоунун пирамидасы тууралуу кеп…

  • Ашар уктуруусунда психолог Сейил Калдыбаева инсандын психологиялык типтерине токтолуп өттү.
    28.11.2019

    Ашар уктуруусунда психолог Сейил Калдыбаева инсандын психологиялык типтерине токтолуп өттү. Мындай билим адамдар менен тил табышууга, аларды кабыл алууга жардам берет.

  • Ашарда психолог Сейил Калдыбаева өзүңө карата ишенимди өстүрүүнүн сырлары менен бөлүштү.
    21.11.2019

    Ашарда психолог Сейил Калдыбаева өзүңө карата ишенимди өстүрүүнүн сырлары менен бөлүштү.

  • Бул тиркемелерди уюлдук телефонубузга жүктөп алсак, жаныбызда дайым юрист, куткаруучу, коопсуздук картасы жана жардамга шашкандар болот...
    07.11.2019

    Бул тиркемелерди уюлдук телефонубузга жүктөп алсак, жаныбызда дайым юрист, куткаруучу, коопсуздук картасы жана жардамга шашкандар болот... Ашар уктуруусунда «Айкын багыт» коомдук фондунун кызматкери Гулзат Мукалиева конокто болуп, жогорку тиркемелер тууралуу кенен маек куруп берди.

  • Өз жашооңду көзөмөлгө алуу үчүн жасай турган он кадам
    31.10.2019

    «Ашар» уктуруусунда психолог Сейил Калдыбаева өз жашооңо кожоюн болуунун сырлары менен бөлүштү.

  • Бизди эмне алсыратат?
    24.10.2019

    Бизди эмне алсыратат? Ашар уктуруусунда психолог Сейил Калдыбаева адамды эмне алсыратаары жөнүндө тизмектеп айтып берет.

  • Никенин баалуулугу жана жубайлардын мамилеси
    10.10.2019

    АШАР уктуруусунда никенин баалуулугу жана жубайлардын мамилеси тууралуу психолог Сейил Калдыбаеванын кенештери болду.

  • Өзүңө берген бааны кантип көтөрүүгө болот?
    01.08.2019

    Өзүңө берген бааны кантип көтөрүүгө болот? “Бааны көтөрүү” сөз айкашынын өзүн туура эмес колдонобуз. Кандайча? Буга жоопту “Ашар” уктуруусунан уга аласыз.

  • Кризис
    18.07.2019

    Ар бир адам жашоосунун кай бир этаптарында кризиске кабылат. Бирок ошол оор учурдан кээ бирибиз тез арада чыгып кете алсак, башкаларыбыз белчебизден батып чыга албай калат экенбиз. Ашар уктуруусунун бул чыгарылышында кризистин этаптары тууралуу сөз болот.

  • Өз жашооңо өзүң кожоюн бол...
    11.07.2019

    Өз жашооңо өзүң кожоюн бол... Эмне себептен биздин жашообузда хаос, б.а. баш аламандык пайда болот? Эмне себептен чыгуу жолу жоктой туңгуюкка келип такалабыз? Өз жашообуздун кожоюну өзүбүз эмес башка бироолор болуп калышат?

  • Уулумдун чөнтөгүнөн презерватив таап алдым... Эмне дешти билбей калдым...
    04.07.2019

    Уулумдун чөнтөгүнөн презерватив таап алдым... Эмне дешти билбей калдым... Бүгүнкү көйгөй сыяктуу көп көйгөйлөр бала өз учурунда үйрөтүлбөгөндүгүндө жана туура үйрөтүлбөгөнүндө. Жашоодо бала менен сүйлөшүүгө мүмкүн эместей сезилген учурлар бар. Мисалы, алардын катарына “кыздык намыс”, “денелик жакындык” деген темалар кирет.

  • Психологиялык зордук-зомбулуктун белгилери.
    27.06.2019

    Ашар уктуруусунун бул чыгарылышында психологиялык зордук-зомбулуктун белгилери тууралуу баяндадык. Ортоктош болунуз.

  • Эрте нике
    20.06.2019

    Никеге туруу – ар бир адамдын жашоосундагы эн олуттуу, жоопкерчиликтуу кадам. Адам атанын доорунан ушул кунго чейин адамдар бири-бирине ылайык келген адамдарды үй-бүлө куруу учун издеп келишет. Кээ бирөөлөр муну кечирээк ишке ашырышат, ал эми кээ бири болсо эрте ишке ашырууга ашыгышат. Никеге эрте туруу артыкчылыктары барбы?

  • Жигит эмне үчүн алыстайт?
    13.06.2019

    Эгер сүйлөшкөндөн кийин кыска эле убакытта жигит “Ушуга чейин сени жакшы көргөнчөлүк эч кимди жактырган эмесмин” дей турган болсо, чынында ошондой экендигине ишенип калуу туура эмес. Ооба, балким анда сизге карата кандайдыр бир сезимдер болуп жатышы мүмкүн, бирок бул сиз элестеткен сезим эмес. Жигиттин минтип айтышына себеп бар.

  • Ашарда АТАЛАР тууралуу...
    06.06.2019

    Жеткилең аталар болбойт. Адатта, балдар менен ата-энелердин ортосундагы түшүнбөстүктөрдү, ата-энелер кетирген катачылыктарды баланын туура эмес жүрүм-турумуна, начар мүнөзүнө оодара салабыз. Өзүбүздүн күнөөлөрүбүздү балага оодара салбаш үчүн ата өзүнүн кандай типтеги адам экенин талдап алганы зарыл.

  • Келечектен корком…
    24.05.2019

    Мени акыркы убакта белгисиздик кыйначу болду. Келечектен корком… Үйлөнсөм, бактысыз болуп калсамчы, окууну бүткөндө, жумуш таппай калсамчы, бизнес баштасам, банкрот болуп калсамчы деген сыяктуу суроолор түйшөлтөт. Ушул коркунучтан кантип арылсам болот?

  • Ашарда: Кесип тандоо – биздин тагдырды аныктай турган өтө жооптуу бирден-бир чечим.
    16.05.2019

    Ашарда: Кесип тандоо – биздин тагдырды аныктай турган өтө жооптуу бирден-бир чечим. Буга абдан көңүл буруу менен кароо абзел.

  • Чыныгы жеңиш кыйынчылык менен, мээнет менен алынат.
    09.05.2019

    Ашарда Чыныгы жеңиш кыйынчылык менен, мээнет менен алынат. Бүгүнкү күндөгү тынч, бейкут жашообуз биздин ата-бабаларыбызга көпкө, керек болсо, алардын өмүрүнө турган. Экинчи дүйнөлүк согушта жеңишке жетүү үчүн көп деген адамдык сапаттар талап кылынган. Дал эле ошол сапаттар бүгүнкү күндө да жеңишке алып келүүчү шарт. Алар кандай сапаттар?

  • АШАР уктуруусунда: Аял ыйы менен эмне айткысы келет?
    02.05.2019

    АШАР уктуруусунда: Көз жаш – аял жүрөгүндөгүсүн сөз менен жеткире албай калганда кошумча тили. Ыйы менен эмне айткысы келет?

  • АШАРДА: Көптөгөн жубайларды бири-биринен алыстаткан көк беттик тууралуу кеп салдык…
    25.04.2019

    АШАРДА Көптөгөн жубайларды бири-биринен алыстаткан көк беттик тууралуу кеп салдык…

  • Эркектер кетирген каталар тууралуу
    04.04.2019

    Кетип калган колуктусун кайтарып келүү каалоосу бул жакшы калоо. Бирок кайрып келүүдө жалаң гана сөз менен убада берүү жакшы жыйынтыктарга алып келбейт… Ашар уктуруусунун бул чыгарылышында эркектер кетирген каталар тууралуу сөз кылдык.

  • Жумушсуздук
    28.03.2019

    Ашар уктуруусунда ЖУМУШСУЗДУК тууралуу Жумуш издөө кээде адам үчүн ушунчалык кайгы жана зеригерлик болуп кетет. Өзгөчө психологиялык жактан кыйын. Адам өзүнө жаккан жумушка, качан ал өзүнүн маанайын чөгүүдөн сактап жүрө алганда гана жете алат. Өкүнүчтүүсү, чыныгы жашоодо маанайды түрдүү ойлордон, терс сезимдерден коргоп жүрүү алда канча оор. Кантип эми колду түшүрүп коюдан сактануу керек.

  • Атадан алтоо болсо да, ар башта бар жалгыздык…
    21.03.2019

    Атадан алтоо болсо да, ар башта бар жалгыздык… Ашар уктуруусунда жалгыздыктын себептери жана чыгуу жолдору тууралуу кеп кылдык…

  • Ала жипти аттаган күйөөнү канча жолу кечирүү керек?
    15.03.2019

    Ала жипти аттаган күйөөнү канча жолу кечирүү керек? Же чыдап, билмексен болуп жашай берген туурабы? Билип калганда, кандай реакция кылган туура? Бул суроолорго жоопту Ашар уктуруусунан таба аласыздар.

  • Сөздөрүбүз үй-бүлөбүздү бекемдейби же талкалайбы?
    07.03.2019

    Сөздөрүбүз үй-бүлөбүздү бекемдейби же талкалайбы? Жубайлардын мамилесинде сөздөр зор күчкө ээ экенин анча деле аңдай бербейбиз. Сөздөр түгөйлөрдү жакындатат же алыстат… Ашарда СӨЗДӨР тууралуу кеп салдык...

  • Жашоомдун миссиясы эмне?
    28.02.2019

    Жашоомдун миссиясы эмне? Ар бир адам бул өмүргө кокусунан жаралып калган эмес. Канча өмүр берилсе да, ошол жашообузда эмнеге чакырылгандыгыбызды аныктап алып, үзүрлүү өмүр сүрүүгө умтулалы. Миссияны аныктоо тууралуу Ашар уктуруусунда сөз кылдык.

  • Ишкер жубайларга Ашар уктуруусунан баалуу кеңеш.
    21.02.2019

    Ишкер жубайларга Ашар уктуруусунан баалуу кеңеш.

  • үй-бүлөнү бекемдөөнүн сырлары
    14.02.2019

    Ашар уктуруусунда үй-бүлөнү бекемдөөнүн сырлары менен бөлүшөбүз.

  • Гаджеттер – үй-бүлөнүн душманы.
    07.02.2019

    Гаджеттер – үй-бүлөнүн душманы. Канткенде үй-бүлөбүздү бул душмандан коргой алабыз? Бул тууралуу Ашар уктуруусунда сөз кылдык.

  • Кайгы келсе – дарбазанды ач…
    31.01.2019

    Кайгы келсе – дарбазанды ач… Орус элинин бул сөзү бекеринен айтылбаса керек. Кайгынын өзу кайсы бир белгиленген убакта башталып, кайра аяктай турган психикалык абал. Кайгы убагында адам адатта, жаны жашоо тажрыйбасына ээ болот. Кайгы кыйнайт, бирок окутат деп айткан экен.

  • Кызганыч — табиятынан өзүмчүл келген адамдарга мүнөздүү сапат.
    24.01.2019

    Кызганыч — табиятынан өзүмчүл келген адамдарга мүнөздүү сапат. Адам бул сезимге алдырганда оной менен түгөйүнө ишенбейт, сөз көтөрө албай калат, сүйүктүүсүнүн баскан-турганын, ар бир кадамын тескей баштайт. Кантип арылууга болот бул пайдасыз сапаттан? Ашар уктуруусунда психолог Сейил Калдыбаева жооп берет.

  • «Жашоо бул зат атооч эмес, ЭТИШ»
    17.01.2019

    «Жашоо бул зат атооч эмес, ЭТИШ» Туура айтылган кеп, бирок кыймылдагың келбесечи? Жалкоолук карыш бастырбайт? Эмне кылуу керек? Бул суроолордун жооптору Ашар уктуруусунда…

Оставить комментарий