Түз эфир номери:

Номер прямого эфира:

0312 62 15 55
биз жөнүндө diamond о нас

биз жөнүндө

Радио ОК

«ОК радиосу» – Кыргызстандагы биринчи үй-бүлөлүк радио.

Биздин ураан – убакыт барда келечегиңди ойло!

"ОК радиосу" – бул чыныгы жашоо тууралуу сүйлөшүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк. ОК радиосунун толкунунда биз сиздер менен түздөн-түз карым-катышта болуп, жашоодогу ар түрдүү оор жагдайларда үмүт берер сөздөрдү сүйлөшөбүз, анткени бизде жашоонун капилет кездешчү кыйынчылыктарына, пессимисттик жагдайларга карата жооптор бар.

Радионун аудиториясы – жашоонун чыныгы маңызын издеген, маданий жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды колдоого алып, өөрчүтүүнү көздөгөн, өз алдынча чечим чыгара билген социалдык жактан активдүү инсандар. Алар жаш курагы, социалдык-экономикалык жана улуттук өзгөчөлүктөрү жагынан чектелбейт. Угармандарыбыздын негизги жаш курагы: 25 жаштан 55 жашка чейинки айымдар менен мырзалар.

 

«ОК радиосу» – позитивдүү маанай, кызыктуу темалар, жандуу талкуулар, пайдалуу кеңештер, классикалык жана заманбап музыка, жагымдуу атмосфера жана чыгармачыл мамиле. Биз угарманыбызга толук кандуу маектеш болуп, турмуштук татаал суроолорго биргелешип жөнөкөй жооп табууну көздөйбүз.

«ОК радиосу» биринчи жолу 1996-жылдын 3-майында обого чыккан. Бүгүнкү күндө «ОК радиосу» Чүй, Талас дубандарында, Ысык-Көлдө жана өлкөнүн түштүгүндөгү Токтогул жана Каракөл шаарлардында жаңырып жатат. «Ок радиосунун» эфирин Чүй аймагында жана Бишкек шаарында FM 100.5 жыштыгынан, Ысык-Көлдө FM 88,8 жыштыгынан, Токтогул, Каракөл шаарларында FM 88,3 жыштыгынан, Талас шаарында FM 89.8 жыштыгынан, ошондой эле www.okradio.kg сайтынан угууга болот.