Вопросы? Коментарии? Звоните: 0312 531647

Уланбек Карыповдун автордук «Назар» ток-шоусу







Коомдук кырдаалга Карыпов Уланбек менен чогу назар салыӊыздар!


 

«Назар» ток-шоусу

24.11.2017ж

Өз жашооңо канааттанып, ыраазы болуп жашагың келеби? Анда бул берүү сен үчүн.

 

 

 



 

«Назар» ток-шоусу

17.11.2017ж

Каргашанын башаты-кайдыгерлик. Канткенде кош көңүлдүктөн арылам?

 


 

 

«Назар» ток-шоусу

10.11.2017ж

«Биз бир күндө канча жолу рахмат деген сөздү айтабыз? Ыраазы болуп жашаган адам гана бактылуу боло алат экен»

 

 


 

 

«Назар» ток-шоусу

03.11.2017ж

Кыжырдануу адамдын ички дүйнөсүнө жана ден соолугуна чоң залакасын тийгизет. Бул «ажыдаардан» кантип кутулса болот?

 


 

«Назар» ток-шоусу

06.10.2017ж

Сегодня не родились на свет более чем 115 тысяч детей.  А не родились они потому, что были убиты через аборт. Аборт —  это убийство или вынужденная мера?, каковы последствия аборта?, кто виноват? Ищем ответы на эти вопросы.

 

 


 

«Назар» ток-шоусу

29.09.2017ж

«Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт» Кыйын күндөр башка түшкөндө эмне кылыш керек? Дайыма кубанып жашаса болобу? «Назар» ток-шоусу менен чогу жооп издейли. 


«Назар» ток-шоусу

22.09.2017ж

Бүгүнкү назар салчуу маселебиз бул «Сүйлөшкөн жигитим мыкаачы эмеспи»  деп аталат.

Кадырлуу карындаштар, эгерде силер туура тандоо кылбасаңар, түбөлүк жар болууга мыкаачы, зөөкүр адамга туш болушуңар мүмкүн, анда тагдырыңар өтө татаал болот. Ал эми, биз сиздердин бактысыз болушуңарды каалабайбыз. Адамдын мүнөөзүн кантип аныктаса болот, жана канткенде туура тандоого туш болосуз, бүгүнкү эфирден угуңуз.

 


 

«Назар» ток-шоусу

08.09.2017ж

Көрө албаган адам дайыма атаандашканды, талашып тартышканды жакшы көрөт. Адам эмне себептен мактанып,  өзүн өзү  көрсөткүсү келет? Себеби ошол аркылуу өзүнө кадыр барк топтогонго аракет кылат. А чынында, адам канчалык өзүн өзү мактаса, ал ошончолук башкалардын итиркейин келтирген болот. Ошентип, көрө албастыктан, ичкүйдүүлүктөн кутулуунун жолдорун билгиңер келсе “Назар” ток-шоусуна кош келиңиздер!

 

 

 


«Назар» ток-шоусу

 

Балдарды мектепке кантип даярдоо керек, баланыздын мыкты окушу үчүн ата-энеден эмне талап кылынат, ушул жана башка суроолорго Назар ток-шоосунан жооп алсаңыздар болот.​

 

25.08.2017ж

 


«Назар» ток-шоусу

«Канткенде өзүмдүн ички дүйнөм менен макулдукта жашай алам” деген кызыктуу теманын тегерегинде кеп кылдык. Өзүн өзү сыйлай билген адам гана, чындап бактылуу адам боло алат.»

 

 

28.07.2017ж


«Назар» ток-шоусу

Назар ток-шоусунун кезектеги коногу, кыргыздын таланттуу чыгаан инсаны, балет артисти, шайыр мунооз Нурлан Конокбаев.

Биздин каарман 2003-жылы Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкектеги хореография мектебин аяктап, балет артисти кесибине ээ болгон,

2009-жылы Кыргыз Улуттук Консерваториясын аяктап, режиссер хореограф болуп чыккан. Учурунда Кыргызстандын Ак-Марал, улуттук Ансамблинде башкы бийчи болуп эмгектенген. Кийин Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы солисти болду.

Нурлан, Кыргызстан гана эмес, Казахстандын да мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын  башкы солисти болуп эмгектенген.

Мындан тышкары алыскы Американын сахналарын дагы багындырып, Вирджиния штатынын Манассес деген шаарында талантын элге таанытып, опера балет театрында эмгекетенүүдө.

Жыйырмадан ашуун эл аралык конкурстардын жеңүүчүсү. Дүйнөнүн булуң бурчун кыдырып, Европа, Азия, Американын эң мыкты сахналарында бийлеп, Кыргызстандын атагын чыгарып келет. Бул берүүбүздө, эмгекчилдик, тайманбастык, кыйынчылыктарды жеңе билүүнүн сырлары жөнүндө кеп курдук.   14.07.2017ж


«Назар» ток-шоусу
АКШнын турмушуна, кыргыздын чыгаан журналисттеринин бири, Адилет Айтикеев менен чогу «Назар» салдык. Студиянын коногу Адилет, бир топ кызыктуу ой толгоолору менен бөлүштү. Анын айтуусунда Кыргызстандыктар, дүйнөнүн өнүккөн мамлекеттеринин  жакшы жактарын үйрөнүп алса жаман болбойт. Эмнеге япондордун Тойотасын, немистердин Мерседесин айдагандан арданбайбыз, эмнеге Европанын костюмдарын кийгенден арданбайбыз да, батыштын демократиясынан, эмгекчилдигинен, сылыктыгынан үлгү алгандан арданабыз-деп ич күптүсү менен бөлүштү.                                                                                                                                                                                                              
   30.06.2017ж

«Назар» ток-шоусу

 

Бул чыгарылышыбызда, «Адамдын кадыры» тууралуу кеп кылмакчыбыз. Студиянын коногу, журналист, коомдук ишмер, чыгармачыл, жана патриот инсан Шайырбек Абдрахманов.

 

 

09.06.2017ж

 


«Назар» ток-шоусу

Чыныгы бактылуу үй-бүлө болуу үчүн, жубайлардын ортосунда негизги үч нерсе болушу зарыл. Бул:

—       бири бири менен тыгыз мамиледе болуу,

—       бактылуу турмуш курууга карата бир максаттуу болуу,

—       баардык нерседе чыңчылдык менен ачыктыктын өкүм сүрүшү.

Бул чыгарылышыбызда, Сүйүүнүн сырлары менен бөлүшмөкчүбүз.

26.05.2017ж.


«Назар» ток-шоусу

Үй-бүлөңдү бекем кылам десең, жубайыңдын тилин таба бил. Расмий никеси жок үй-бүлө, бактылуу боло алабы? “Назар” ток-шоусуна кулак төшөңүздөр.

12.05.2017ж.


«Назар» ток-шоусу

Жакшы маанайда жашоонун сырлары: жылмайуу, маңдайыңды жарык кылып, көңүлүңдү көтөрөт. Жамандыкты жакшылык менен жеңип, жаман ойлорго орун бербе.

05.05.2017ж.


«Назар» ток-шоусу

Отуз жылдан бери жубай болуп, чогу өмүр сүрүп, бирок чыныгы махабат деген эмне экенин сезе албай жашап келген адамдардын арыз муңун угуп. Алар кетирген кемчиликтерди, биз кетирбейли десеңиздер, балдарыңарды бактысыз кылгыңар келбесе, сүйүүнүн нукура кулк мүнөзүн билгиңиздер келсе «Назардын» бул чыгарылышына ортоктош болуңуздар.

 

28.04.2017ж.

 


«Назар» ток-шоусу

Саламатсыңарбы достор, бүгүнкү берүүбүздө «алганга караганда берген адам бактылуу» деген ойдун тегерегинде кеп курабыз. Бирөөгө жардам берүү, жакшылык кылуу аркылуу, силер өзүңөргө эки эсе көп жардам берген болосуңар. Бул эреже эч кынтыксыз иштейт. Кең пейилдик, берешен адамга карата эбегейсиз зор ырыскынын эшиктерин ачат. Уктуруубузга карата кандайдыр бир сунуш пикирлериңиздер, же кызыктуу темаларыңыздар болсо, «Назардын» Вотсаптагы номерине пикириңерди жөнөтсөңөр болот.  0550-533-999

21.04.2017ж. 


Дорогие друзья, слушайте наше ток-шоу «Назар».

Мы беседовали с уникальными людьми. О чём мечтает заслуженная артистка, доктор исполнительской музыки,  хрупкая кыргызская леди покорившая Америку, пианистка с мировым именем Кайры Кошоева. И о том, как нашему земляку Азамату Сыдыкову  американцы аплодировали стоя. Мы говорили о предстоящем концерте в Карнеги-Холл в Нью-Йорке, о музыке, о прекрасном будущем и о многом интересном…

11.03.2017 г.

 


«Как получить образование за рубежом? Как улучшить качество образования в Кыргызстане? Почему люди годами ходят на различные курсы, но не могут выучить языки? Как стать успешным человеком? на эти и другие вопросы отвечают уникальные гости нашего ток-шоу «Назар»

Айнура Чолпонкулова:

По специальности юрист, была приглашена в Колумбийский университет в качестве, ученого исследователя по проблемам общественной политики.

Является учредителем образовательного фонда «CAF», которая занимается подготовкой молодёжи на поступление в зарубежные ВУЗы на грантовой основе.

 И вторая наша гостья:

Училась и работала в Лондонской школе бизнеса и финансов, профессиональный преподаватель английского языка, тренер по коучингу, фотограф, дизайнер, дайвер аквалангист, красавица, спортсменка и просто замечательный человек Лилия Когай.

Мои гости, несмотря на полученное ими престижное образование за рубежом, несмотря на высокооплачиваемые позиции, которые они занимали в ведущих компаниях развитых государств, вернулись в Кыргызстан. Потому что, у них есть великая мечта и необъятная любовь в Родине»

 17.02.2017г



«Назар» ток-шоусу

16195833_1544585662233443_3134844890851935272_nБул берүү кызыктуу болду. Биздин бир топ угармандар «маегиңер абдан кызыктуу, бирок тез аяктап калды, Керимден дагы кызыктуу кеңештерди уккубуз келди эле, мүмкүн болсо дагы бир жолу эфирге чакыра аласыздарбы?» — деп суранып жатышат. Буйруса келээрки эфирлерибиздин бирине дагы бир ирээт чакыраарбыз. Бул берүүдө, Бокс боюнча Дүйнө чемпиону Керим Кушубаков жана филолог Дамир Мааданбеков менен «Билим менен Билекти бирдей алып жүр» деген маңыздагы ачык кеп курдук.

20.01.2017ж.  


«Назар» ток-шоусу

Без имени-1Аман пастор«Назар» берүүсүнүн кезектеги коноктору саясат таанучу Сейтек Качкынбаев менен коомдук ишмер Аман Абдразаков кызыктуу маек курушту. Ийгиликтүү болууга эмне тосколдук кылат? Канткенде ар бир атуулдун жүрөгү Мекен деп сого баштайт? Бай болуп туруп, Ыймандуу болуу мүмкүнбү? — деген суроолордун тегерегинде Кыргызстан, АКШ, Япония ортосунда радио маек…

06.01.2017ж.


«Назар» ток-шоусу

1015793815Сыймык Бейшекеев, кыргыздын чыгаан уулдарынын бири, ар бир ыры терең мазмундуу. «Назар» ток-шоусунун коногу болуп, коомго таасир берчү ойлор менен бөлүшкөн маекке кош келгиле. Илгери Сыймык экөөбүз, Филармониянын эстрадалык студиясында чогу окуп, чыгармачылыктын деңизине чогу чумкудук эле. Ал деңизди баары эле сүзүп өтө албады. Ал эми Сыймык досум, айрымдардай болуп, үстүртөн калкып калбай, бул чыгармачылык деген деңизге, уламдан улам терең сүзүп кирүүдө…

30.12.2016ж.