Вопросы? Коментарии? Звоните: 0312 531647

«Жыныстык катнашуу аркылуу жугуучу оорулар»






беседаОоба угарман, азыркы тапта күнѳѳ эмне экенин билип туруп, анын кесепетинен коркпогон адамдар арбын. Жугуштуу оорулар кучагын кенен жайганынын себеби кээ бир адамдар чаржайыт жыныстык жашоо алып баруусунда. Жашоосун тобокелдикке салып, кыз-эркек дебей уялбай калган учур. Анда эмесе, бүгүн биз бир гана сиздин дең-соолугунузга эмес, ошондой эле жан дүйнѳңүзгѳ керектүү кеңештерди бергенге аракет кылабыз. Жыныстык жол аркылуу жуккан жугуштуу оорулар венерикалык жана жаңы пайда болгон деп экиге бөлүнөт. Учурда жыныстык жактан пайда болгон кээ бир жугуштуу оорулардын алгачкы белгилери жок болгондуктан дарыгерлер өтүшүп кеткен учурда кайрылып жатканын айтып коңгуроо кагып келет. Бул ирет адистер «Биле Жүр» уктуруусунда көп тараган жана чоң коркунуч алып келген жугуштуу венерикалык оорулар тууралуу айтып беришет.