Вопросы? Коментарии? Звоните: 0312 531647

«Бойрок оорусу»






почкиИзилдөөчүлөрдүн байкоосунда, дүйнө жүзүндө ар бир он жыл аралыгында бөйрөк ооруларынын эки эсеге өсүү коркунучу бар. Акыркы жылдары Кыргызстанда да бөйрөк оорулары өсүүдө. Ошондой эле өнөкөт бөйрөк оорусуна кабылгандардын да саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу көбөйгөн. Мындай ооруларга гемодиализ, башкача айтканда, «жасалма бөйрөк» аппараты менен дарылоо ыкмасы колдонулат. Учурда өлкөдө бул аппараттын жетишсиздигинен улам 146 оорулуу кезекте турат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө өнөкөт бөйрөк оорусу менен катталгандардын саны 2005-жылга салыштырмалуу быйыл 17 пайыза өскөн. «Өкүнүчтүүсү өтүшүп кеткен түрдөгү бөйрөк оорулары менен айрыкча ишке жарамдуу курактагы адамдар көп катталып жатат»  деген билдирүүдөн кийин бул маселени көтөрүп чыкпасак болбойтко. Ѳз ден-соолугунузга туура кам көрүү жана олуттуу ооруларды адын алуу тууралуу пайдалуу маалыматтарды бул уктуруудан уга аласыздар!