Вопросы? Коментарии? Звоните: 0312 531647

Ашар






 

62706«Ашар» уктуруусунда замандашыбыздын кѳйгѳйүн ортого салып, чыгуу жолун бирге издейбиз. Эгер сиз да кайсы бир кырдаалдан чыгуу жолун таппай турсаӊыз, «Ашарга» кош келиӊиз. Айсада Иманканова жана Сейил Калдыбаева жалпы угармандарыбыз менен бирге жардам берүүгѳ даяр. Жуманын дүйшөмбү күнү сиздерди «ОК» радиосунун аба толкунунда күтөбүз.

 



«Ашар» уктуруусунун кайталоолору 


Ийгиликтин сыры эмнеде?

%d0%b8%d0%b9%d0%b3%d0%b8%d0%bb%d0%b8%d0%ba%d1%82%d0%b8%d0%bd-%d1%81%d1%8b%d1%80%d1%8bЖашоодо ар бир инсан ийгиликтин туу чокусуна чыккысы келет. Бирок, статистиканы карап көрсөк кээ бир инсандар гана ийгиликти багындырууда. Тарыхтагы жана азыркы мезгилдеги эн атактуу, ийгиликтин туу чокусуна жетишкен инсандардын өмүр таржымалын изилдеп көрсөк, алардын башка адамдардан көп деле айырмачылыгы жок. Андай болсо алардын ийгиликтеринин сырлары эмнеде болду экен?

26.12.2016ж.


Ыйсанын туулган күнү майрамынын кыргыз элине тиешеси барбы?

%d1%80%d0%be%d0%b6%d0%b4%d0%b5%d1%81%d1%82%d0%b2%d0%be2Элибизге мурда тааныш болбогон майрамдардын бири — бул Ыйсанын туулган күнүн майрамдоо. Бул майрам жеке гана топтордун майрамыбы же жалпы журт майрамдай турган майрамбы? Майрамдын мааниси эмнеде? Бул суроолорго машайакчылардын өкүлү жана котормочу Асан Тургунбаев жооп берди.

19.12.2016ж.


Майыптык — ѳкүм эмес

%d0%bc%d0%b0%d0%b9%d1%8b%d0%bf%d1%82%d1%8b%d0%baЕвропада майып адамдарды мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар же болбосо майып адамдар дебестен, «талабы жогору адамдар» деп аташып, аларга кадимкидей эле мамиле жасашат экен. Ооздон чыккан ар бир сөзүбүздүн күчү бар эмеспи. Балким майып же мүмкүнчүлүгү чектелген дебей, башкача атасак, алардын психологиялык абалына жакшы таасир болот беле?

12.12.2016ж.


Ажырашуу чыгуу жолубу?

%d0%b0%d0%b6%d1%8b%d1%80%d0%b0%d1%88%d1%83%d1%83-%d1%87%d1%8b%d0%b3%d1%83%d1%83-%d0%b6%d0%be%d0%bb%d1%83%d0%b1%d1%83«Ажырашуу – адамдын нике жоопкерчилигинен бошошу. Ажырашуу сейрек учурларда гана жанды жай алдырбаса, көпчүлүк учурда бактысыздыкты жана кор болууну алып келет». Же андай эмеспи? Бул суроого аялдарга болгон зордук-зомбулукка каршы күрөшкөн «RESTОRED» аттуу  эл аралык уюмдун мүчөсү,  көп жылдан бери жалгыз бой аялдар менен иштеген, психолог айым Артык кызы Мира өз оюн баяндап берди.

05.12.2016ж.


Маданият — адамдагы адамгерчиликтин ченемдиги…

%d0%bc%d0%b0%d0%b4%d0%b0%d0%bd%d0%b8%d1%8f%d1%82Маданият деген эмне? Маданият – татаал, дайыма өнүгүп-өсүп туруучу феномен (көрүнүш). Маданияттын курамын: физикалык, жан-дүйнөнүн жана руханий маданият түзөт. Ошондой эле маданияттуулуктун түрдүү денгээлдери болот.

28.11.2016ж.


Жубайлардын ортосундагы интимдик мамиле

%d0%b8%d0%bd%d1%82%d0%b8%d0%bcБилинбегени менен бул мамиле үй-бүлөлүк турмуштун эн маанилүү бөлүгү. Жыныстык жактан тил табыша албаган жубайлар бирин-бири сүйүп турса да, ажырашып кетиши мүмкүн. Бирок, бардык нерсенин жолун тапса болот эмеспи.

21.11.2016ж.


Абайлагыла… Хеллуин майрамы!

%d1%85%d0%b5%d0%bb%d0%bb%d1%83%d0%b8%d0%bdЖакында эле кызым уюлдук телефонунан бир сүрөт көргөзүп үрөйүмдү учурду. Англис тилинен берген мугалими кебетесин бузуп, оозун канжалатып боенуп алыптыр. Бул эмне десем, эжейим Хеллуин деген майрамды белгилеп, бизге келип мактанды деген жооп уктум. Бул сүрөт майрам жөнүндө жан дүйнөмдө жаман бир из калтырды. Деги бул эмне болгон майрам? Балдарыбыздын ан сезимине терс таасирин тийгизбейби?

10.11.2016ж.


Дубадан кантип кутулам?

%d0%b4%d1%83%d0%b1%d0%b0Дуба кылым карыткан ыкма. Бул адам өз көйгөйүн чечүү үчүн же максатына жетүү үчүн колдонула турган бирден-бир орчундуу ыкмалардын бири.

Бул — ритуалдык-сыйкырдуу кептин түрү. Ал белгилүү бир объектке карата колдонулат.

31.10.2016ж.


Ала Бука

%d0%b0%d0%bb-%d0%b1%d1%83%d0%ba%d0%b0«Буга чейин айылдаштар жана коңшулар менен ысык-суукта катышып жакшы эле жашап келгенбиз. Бирок айрым бир топтор, элди бузуп ушул жагдайды жаратып жатышат. Апамдын айыбы эмнеде? Болгону ал Инжил, Тоорат, Забур китептерин окучу. Ал китепте уурулук кылба, балдарыңа жакшы тарбия бер, кошунаңдын алмасы жерге түшүп турса да уруксатсыз жебе деп айтылган. Анын эмнеси жаман? Молдолор баарын көрүп туруп маркум апама жаназа окубай коюшту. Бизди ар кандай диний агымдарга байлап жатышат. Баптист дегенине биз түшүнгөн жокпуз».

24.10.2016ж.


Жаштык курак — жардан жарга секирген убак!

%d0%b6%d0%b0%d1%88%d1%82%d1%8b%d0%ba-%d0%ba%d1%83%d1%80%d0%b0%d0%baЭлибиздеги «Он сегиз жаш ташка ойногон улактай, жыйырма беш жаш — кайнап турган булактай — деген сөздөр бул куракта жаштардын өмүр жолу кызыктуу жана кымбат экендигин мүнөздөйт. Эми биз ушул кызыктуу жана кымбат куракты кандай өткөрүп жатабыз?

17.10.2016ж.


Аракетке берекет

%d0%b0%d1%80%d0%b0%d0%ba%d0%b5%d1%82%d0%ba%d0%b5-%d0%b1%d0%b5%d1%80%d0%b5%d0%ba%d0%b5%d1%82Көптөн бери бир суроо түйшөлтүп келет. Канча аракет кылсам да, береке кирбей койду. Эмне себептен ушундай?

10.10.2016ж.


Санааны женүүнүн ачкычы…

%d1%81%d0%b0%d0%bd%d0%b0%d0%b0Болгон күчтү бир күндү сапаттуу жашоо үчүн көрөт. Эртенки күндүн түйшүгүнө тийишпениз, анткени ал түйшүктү чечүү үчүн сизге күч али бериле элек…

03.10.2016ж.


Аракеч күйѳѳмѳ кантип жардам бере алам?

%d0%b0%d1%80%d0%b0%d0%ba%d0%b5%d1%87%d1%82%d0%b8%d0%baБир күнү институтта сабак өтүп жаткан мугалим, өзүнүн студенттерине мындай кенеш берген экен: “эгер күйөөнөр ичсе, онолуу тууралуу убада берип келсе, бирок кайра эле кайталай берсе, анда аны менен үч жылдан ашык жашабагыла. Ал баары бир онолбойт, тескерисинче, баары мындан да жаман болот”.  Бул мугалимдин кенешине кошулууга болобу?

26.09.2016ж.


Азгырык…

%d0%b0%d0%b7%d0%b3%d1%8b%d1%80%d1%8b%d0%ba«Азгырылып жолдон чыкты да. Эркектиги эч нерсе эмес. Буга кайгырба да, көнүлгө албай, жолунду уланта бер»,- деп сооротот мени кайненем. Бирок мен болсо сооронгум келбейт, анткени мен үчүн мени менен жашап жаткан жубайым ишенимдүү болушу керек. Эркек болсо эле азгырылса боло берет дегенге макул эмесмин. Сиздер кандай ойдосуздар? Дегеле, азгырык тууралуу айтып берсениздер. Чын эле кайненемдин айтканына моюн сунуп калышым керекпи же башка жол да барбы?

19.09.2016ж.


Окугум келбей жатат…

%d0%be%d0%ba%d1%83%d0%b3%d1%83%d0%bc-%d0%ba%d0%b5%d0%bb%d0%b1%d0%b5%d0%b9-%d0%b6%d0%b0%d1%82%d0%b0%d1%82Окуу жылынын жаны эле башталганына карабай, көптөрүбүздө окууну каалабаган учур көп эле кездешет. Мунун себеби эмнеде? Кызуу талкууну угуп көрүнүз, ардактуу замандаш!

12.09.2016ж.


Үмүтсүздүк…

УмутсуздукБиз адамдар, жагдайдан, айланабызда, үй-бүлөбүздө, досторубуз менен болгон мамиледе, жумушта болуп жаткан нерселерден көз карандыбыз. Бир нерсе туура эмес болуп калса, кайра-кайра аракет кылсак да майнап чыкпаса,  маанайыбыз түшүп, көнүлүбүз кала баштайт. Кээ бири үмүтүн үзүп койгондуктан, жашоого болгон кызыкчылыгын да жоготуп коёт.

05.09.2016ж.


Бир туугандарым менен кантип тил табышам?

бир тууган менен тил табышуу«Сиблингдер» жана «сибстер» деген термин — бир ата-энеден жарыкка келген адамдарга колдонулуучу генетикалык термин. Биологдордо «сиблицид» деген термин колдонулат. «Сиблицид» — өз бир туугандарынын жанын кыюу дегенди билдирет. Бул көрүнүш жаныбарлар арасында кенири кучак жайган. М., кичинекей акулалар энесинин курсагындагы бир туугандарын энесинин курсагында кезинде эле жеп коюшат.

29.08.2016ж.


Келин менен кайнененин ортосундагы дубал…

Келин жана кайненеМенде «Кайнене менен келиндин ортосундагы дубалды кантип жок кылабыз?» деген суроо бар. Канчалык дубалды алып салайын деген сайын, ал бийиктегенден бийиктеп баратат. Мейли кайненемдин кыялы дейм, бирок мен дагы келиндүү болом. Бул көйгөй муундан муунга өтүшүн каалабайт элем.

22.08.2016ж.


«Супер аял» синдрому…

супер аял синдромуАл эрте туруп, үй-бүлөсүнө эртең мененки тамакты даярдап, балдарын мектепке даярдап, аларды жөнөтүп, жумушка барат. Келатып дүкөнгө кирип, тамакка керектүү азык-түлүктөрдү сатып алып, кечки тамакты даярдап, үйлөрдү жыйнап, балдарына сабак окуганга жардам берип, кир жууп, үтүктөп, түнгө жакын араң төшөккө жетет. Бир нерсени кылганга жетишпей калса, өзүн күнөөлүү сезип, жаман болот. Эгер сиздин жашооңузда ушундай болуп жатса, анда сизде «эң мыкты аял» деген оору пайда болгон.

15.08.2016ж.


Балдарымды ала албай жатам…

баламды ала албай атамБайкемдер кызымды калтырып, эки уулумду жеткизип беришти. Андан бери үч жыл өттү кудайга шүгүр азыр жакшымын. Бирок балдарымды аябай сагындым мага көргөзүшпөйт, сүйлөштүрүшпөйт, жолугайын деп барсам ажылдашып жолотушпайт.  Сотко берип алайын десем үйдөгүлөр болбойт. Не кыларымды билбей калдым. Силердин радиодон балдардын үнүн уксам ызаланам, көчөдөн балдарды көрсөм жаман болуп кетем. Кыскасы ичимен ирин өтүп, жегеним желим, ичкеним ирин болуп турган кезим. Мага акылыма акыл болушунарды суранам.

08.08.2016ж.


Аялымдын тѳрѳтүнѳ катышсамбы…

Торотко катышууТөрөт учурунда аялдын жолдошун төрөт бөлмөсүнө киргизүү  эненин кыйналбай көз жарып алышына жакшы таасирин тийгизет дешет дарыгерлер. Бирок коомдо бул тажрыйбага карата мамиле бирдей эмес…

01.08.2016ж.


Кызым чарчап калганы, экѳѳбүздүн мамилебиз ого бетер начарлады…

Кызыбыз чарчап калды...Байыркы уламыштардын биринде мындай делет: «Жаш айымдын тун баласы чарчап калат. Аял баласын көргө коюуга эч кимге бербей, бир топ күн алып жатып алат. Бирок коншу-колон, эл журт наристени көмүш керек деп мажбурлашат. Ошондо айласы кеткен жаш эне ошол аймактагы эн бир даанышман, акылман адамга кенеш сураганы жөнөйт. Ал адам аялга мындай бир шарт коет…»

25.07.2016ж.


Башка бала багып алсамбы…

Башка бала багып алсамбыМен неберелеримди тирүүлөй жетим калтыргым келбейт балама ажыраш дей албайм. Жалгыз эркек болгондуктан кийин бизге куран окутчу адам жок болуп калып атпайбы. Ошондуктан башка бала багып алайын деген оюм бар, бирок каяктан багып алаарымды билбей атам. Бала багып алуу жөнүндө маалымат кененирээк берип койсонуздар көптөн көп суранам…

18.07.2016ж.


Ѳмүрүбүздүн күз мезгили

омурубуздун куз мезгилиӨзгөрүүлөр – ар бир адамдын жашоосундагы кадимки, табигый нерселер.

Атүгүл жаратылышта да бары өзгөрөт. Мисалы, бакты алсак. Ал ар бир мезгил сайын өзгөрүп турат. Жайында ал жашыл жалбырактар менен жамынса, күзүндө жалбырактар саргарып, түшө баштайт, кышында ал дем албай калган сыяктуу, аппак карга жамынат, ал эми жазында болсо кайрадан тирилгенсип, бүчүр байлап, жаш жалбырактар пайда болуп, жайында кайра жалбырактары дирилдеп калат. Баардык тирүү нерсе өзгөрөт. Демек, биздин да өмүрүбүзгө күз мезгили келбей койбойт. Жаратылыштын мыйзамы мына ушундай. 

11.07.2016ж.


Күйѳѳмдү күтсѳмбү…

куйоомду кутсомбуҮй-бүлѳ институтун адам баласы ойлоп тапкан эмес. Мындай кереметтүү жупту жаратуу адамдын колунан келмек эмес… Демек, Кудай кошконду эч кимдин ажыратууга укугу жок!

04.07.2016ж.


Атам менен тил табыша албай келем…

Атам менен тил табыша албаймЖеткилен аталар болбойт. Адатта, балдар менен ата-энелердин ортосундагы түшүнбѳстүктѳрдү, ата-энелер кетирген катачылыктарды баланын туура эмес жүрүм-турумуна,  начар мүнѳзүнѳ оодара салабыз. Ѳзүбүздүн күнѳѳлѳрүбүздү бала оодара салбаш үчүн ата ѳзүнүн кандай типтеги адам экенин талдап алганы зарыл.

27.06.2016ж.


Эмнеден уялууга болбойт?..

Эмнеден уялууга болбойт

20.06.2016ж.


Эркектер никеде кетирген каталар…

  • Колуктусуна кѳнүл бурбай калат;Эркектер никеде кетирген каталар
  • Же тескерисинче, толугу менен андан кѳз каранды болуп, анын мойнуна олтурушат;
  • Никеге тургандан кийин аялым эми эч жакка кетпейт деп, жай алып калышат;
  • Ѳтѳ кызганчаак болуп, катуу кѳзѳмѳлчү болуп кетишет;
  • Аялдарына катуу талап коюп, ѳздѳрү эркин жашашат;
  • Жашоого умтулушпайт. Бош убактыларын бүтүндѳй телевизор алдында же компьютер алдында ѳткѳрүшѳт;
  • Тандап алган адамына ыраазы болуп, бактылуу болоюн деп умтулушпайт.

13.06.2016ж.


Элеганттуу аял ким?

Элеганттуу аялЭлеганттуулук – бул баарынан мурун моралдык сапаттан жаралат. Элеганттуу аял ѳзүнүн абийирин ыпылас жүрүм-турум менен булгабайт. Анын ойлору, жан дүйнѳсү таза, ѳзүн чыныгы айым катары алып жүрѳт. Мындай тазалыгы, элеганттуулугу анын жашоосунун бүт аймагынан кѳрүнүп турат.

06.06.2016ж.


Ѳч алгым келет…

оч алгым келетБиз бирѳѳгѳ катуу таарынганда, кимдир бирѳѳ бизге кечирилигис жамандык кылганда, ѳзүбүздү колго алганга аракет кылып, «Мен анын денгээлине түшүп, ѳч албайм, анын жамандыгы ѳзүнѳ кайра кайтып барат же жашоо таразалайт» деп ѳзүбүздү ѳзүбүз сооротобуз.  Ал эми кээде «мен ага кѳргүлүктү кѳрсѳтѳм, кайра баш кѳтѳргүс кылып жазалайм, ѳч алам» деген ойго келебиз. Эмне кылуу керек? Ѳч алуубу же кечиримби?…

30.05.2016ж.


Бѳлѳмдү сүйүп калдым

Боломду суйомОкумуштуулар каны жакындардын нике куруу коркунучунун пайызын аныкташкан: болжол менен мындай никеде оорулуу балдардын тѳрѳлүшү 2%га жогору. Ал эми ымыркайлардын ѳлүмү 4%га жогору. Чындыгында жашоода кандай?

23.05.2016ж.


Кыска убакыт 

кыска убакытБир байке: «Аял менен күйѳѳ бири-бирин кыска убакытка эле сүйѳт» деп айтты. Ушул чынбы? Жубайлардын сүйүүсү кыска эле убакыткабы?

16.05.2016ж.


Үй-бүлѳдѳгү жеништүү жашоо 

Уй-булодогу жеништуу жашооНегизи эле женишке жетүү оной эмес. Эгерде жениш оной же арам жол менен алына турган болсо, ал жеништей кѳрүнгѳнү менен, жениш эмес. Анткени ал ѳзүнүн артынан кѳп кайгы алып келет.

Демек, чыныгы жениш кыйынчылык менен, мээнет менен алынат. Бүгүнкү күндѳгү тынч, бейкут жашообуз биздин ата-бабаларыбызга кѳпкѳ, керек болсо, алардын ѳмүрүнѳ турган. Экинчи дүйнѳлүк согушта женишке жетүү үчүн кѳп деген адамдык сапаттар талап кылынган. Дал эле ошол сапаттар бүгүнкү күндѳ да женишке алып келүүчү шарт.

Бүгүн биз жеништүү жашоонун ѳзгѳчѳ бир тарабын карагыбыз келип турат. Үй-бүлѳдѳ кантип жеништүү жашоого  ээ болууга болот? Бүгүн биз ошол каргашалуу согуш күндѳрүн карап туруп, үй-бүлѳлүк жашоодо жеништүү жашоо куруу үчүн кандай сабак алууга болоору жѳнүндѳ кеп кылабыз.

09.05.2016ж.


Колуман эч нерсе келбейт

колуман эч нерсе келбейт…Акыркы убакта курбу кыздарымды карап алып, кѳнүлүм кѳп чѳкчү болду. Алардын кѳп нерсеге жѳндѳмдүү экенин кѳргѳндѳ, ѳзүмдү баалабай кетем, менин колуман эч нерсе келбегендей сезилет. Эмне кылсам болот?..

02.05.2016ж.


Жумушсуздук

ЖумушсуздукСаламатсыздарбы. Жумушсуздук жанга батты. Кантип жумуш таба алам, ыя?

Жубайым таарынып, экѳѳбүздүн ортобуздагы мамиле бузулуп жатат. Негизи эле, жумушсуздукка кантип келип калганымды да билбей калдым. Эми кантип чыгаарымды да билбей турам. 

25.04.2016ж.


Жолдошум кызганчаак

Жолдошум кызганчаакКызганчаактык дартына кандай даба тапса болоору жѳнүндѳ талкуу кылдык…  Дегеле, бул дарттын дабасы бар болду бекен? Сиз кандай ойдосуз, угарман?

18.04.2016ж.


Аял эмне үчүн ыйлайт?

Аял эмне учун ыйлайт2Кѳз жаш — аял жүрѳгүндѳгүнү сѳз менен жеткире албай калганда колдончу кошумча тилиби, же?..

11.04.2016ж.


Тукумсуздук

1Кѳптѳр башынан ѳткѳрүүчү абал: жубайлар балалуу болгулары келет, бирок эч кандай жыйынтык жок. Алар текшерилүүгѳ жѳнѳшѳт. Мына ошондо, кеп аялда эмес, эркекте экендиги билинет. Себеп – уруктуктун жараксыздыгында.

Бул албетте, кайгылуу абал, бирок таптакыр үмүтсүздүккѳ алып келүүчү абал эмес. Мындан чыгуу жолу кайда?

28.03.2016ж.


Ѳзгѳргүм жана ѳскүм келет

ИнспайрАшар уктуруусуна «Инспайр» консалт-борборунан коуч-тренер мейманда болуп, кызыктуу маек менен бирге жарандарыбызга  жанылануу, ѳсүү, ѳзгѳрүүнү сунуш кылды, угуп кѳрүнүз….

21.03.2016ж.


Күйѳѳм ооруулуу

Куйоом оорулууЖубайлар баш кошуп жатканда бири-бирибизге, же элге угуза убада бербесек да, нике кыйылганда, Жаратуучу алдында бири-бирибиз үчүн автоматтык түрдѳ жоопкерчиликтүүбүз. Демек, түгѳйүбүз кандай гана кырсыкка учурабасын, дароо эле аны таштап кетүү, же качып кетүү жолун эмес, үй-бүлѳнү бүлдүрбѳстѳн, тескерисинче, бекемдей турган, кура турган, ортодогу жылуу сезимдерди күчѳтѳ турган чечимдерди кабыл алганыбыз туура.

14.03.2016ж.


Эркектеги 9 сапат

эркектеги 9 сапатСүйѳбүз, күйѳбүз, «менин ак боз ат минип келе турган ханзаадам — ушул» деп жан берүүгѳ даяр болуп турмушка чыгабыз. Убакыт ѳтүп, чогуу жашай келгенде эле, биздин «ак боз ат минген ханзаадабыз» жеткен жаман адамга айланат. Негизи эле, ушундай абалга түшүп калбоо үчүн, үй-бүлѳ кургандан кийин бүлѳсүнѳ бакыт тартуулай албаган эркектеги 9 сапат тууралуу билип алуу да пайдалуу. Муну билип алуу кыздарга гана эмес, жигиттерге да пайдалуу, себеби, үй-бүлѳлүк жашоодо бактылуу болуу үчүн ага даярдануу керек.

07.03.2016ж.


Бактым кечигип жатат…

бактым кечигип жататКѳпкѳ чейин кечигип жаткан бакыт – никеге даярдык кѳрүүгѳ берилген мүмкүнчүлүк же убакыт…))). Демек, түгѳйүндү издѳѳдѳн эмес, ѳзүндү никеге даярдоодон  башта.

29.02.2016ж.


Баркын эми билдим…

Баркын эми билдим«Колдо бар алтындын баркы жок дегендей» жакын адамдарыбызды убагында баалабай, ѳкүнүп калабыз. Кеч болуп кала электе, бармагыбызды тиштеп калбаш үчүн кандай кылышыбыз керек? 

22.02.2016ж.


Каргыштан кантип кутулам?

Каргыштан кантип кутуламЭл арасында «Каргыш 7 атага чейин кубалайт» — деген сѳз бар. Мындай күчү бар каргыш деген эмне жана андан кантип кутулууга болоорун чогуу изилдедик…

15.02.2016ж.


Кандай адамдар кызганчаак болушат?

КызганчаакКѳп учурда адам жалгыз калуудан, ынгайсыз абалга түшүүдѳн, коркуудан улам кызганышы мүмкүн. Кээде кызганыч сезиминин жаралышына ачык-айкын себептер болсо, кээде мындай себептер жок эле кызганыч жарала берет. Мындай учурда, кызганган адамда ѳзун кем сезүү сезими жашаары же башка бирѳѳгѳ бат байланып калаары, ансыз ѳзүнүн жашоосун жѳнгѳ салып кете албастыгын сезүү жашайт.

08.02.2016ж.


Ѳгѳй ата болуу онойбу?

огой ата болуу онойбуѲгѳй аталык милдетти алуу оной эмес. Анын жагымдуу да, кыйын да учурлары бар. Эгер сиз баласы бар аялды сүйүп, ага үйлѳнгѳнү жатсаныз, анда сиз балдарын да чогуу кабыл алып, аларды бардык күчүнүз менен сүйүп, кам кѳрүп, коргоого даяр болушунуз керек.

01.02.2016ж.


Багым ачылбай койду…

Багым ачылбай койдуБашчылык кылуу – бул бийлигин колдонуп өкүмдарлык кылуу эмес. Башчылык кылган адам үй-бүлөнүн муктаждыктарына көңүл коштук кылып туруп, бийлигин колдонууга укугу жок. Башчылык – бул эркекке ишенип тапшырылган адамдардын жакшы жашоосу үчүн, ага артылган жоопкерчилик.

25.01.2016ж.


3-жолу никеге тургум келбейт…

3-жолку никеЭмне себептен биздин жашообузда хаос б.а. баш аламандык пайда болот? Эмне себептен чыгуу жолу жоктой тунгуюкка келип такалабыз?  Эмнеге өз жашообуздун кожоюну өзүбүз эмес, башка бирөөлөр болуп калышат?

18.01.2016ж.


Аталар багытын жоготкондо…

АталарБала атасын көрүп, анын эркектик жана аталык сапаттарына суктануу менен өсүшү керек. Эгер эркек бала болсо – ал атасын көрүп өсөт, андан ата болуунун үлгүсүн алат. Эгер кыз болсо, ал келечектеги күйөөсүн кадырлаганды үйрөнөт.

Эркек үй-бүлөдө кадыр-баркка ээ болушу керек. Ѳзгөчө ал аялынын сый менен урматтоосуна жетишүүсү кажет. Себеби, аялы менен болгон мамиле балдарына күчтүү таасир тийгизет. Эркектин үй-бүлөдөгү кадыр-баркын кайрадан орнотуу үчүн, ар ким өзүнүн ролдорун жакшы билип, жакшы аткаруулары керек. 

11.01.2016ж.


Талаш-тартышты туура чечүү

талаш-тартышҮй-бүлөдө талаш-тартыштардын бар экендиги үй-бүлөдө мамиле жаман экендигин билдирбейт,  бул биздин тирүү адамдар экенибизди гана айтып турат. Жашоодо таптакыр талаш-тартыштарсыз жашап өтүү мүмкүн эмес. Никедеги жашоонордун саламаттыгы бекемби, же жокпу, талаш-тартыштарды кандай жөнгө салып, чече ала турганынар менен аныкталат. Талаш-тартышка карата мамилелердин бир катар туура жана бир далай туура эмес ыкмалары бар.

04.01.2016ж.


Максаттуу жашоо

Максаттуу жашооБир көркөм тасманын каарманы мындай сөздөрдү айткан эле: «Биздин көптөгөн кыялдарыбыз, биринчи караганда, мүмкүн эместей көрүнөт, бирок биз аларды ишке ашыруу үчүн бардык эркибизди чогултсак, алар эч жакка качып кутула албай калышат».

Эгер сиздин максаттарыныз, пландарыныз бар болсо, аларды иретке келтирүү үчүн биз сизге жашоонузду алты негизги аймактарга бөлүп алышынызды сунуш кылабыз.

28.12.2015ж.


Жакшы аял ким?

Жакшы аялАр бир аял өзү тууралуу башкалардын: “Ал аябай жакшы аял!”- деп айтышын каалайт. Жакшы аял болуу бардык сфераны камтыйт: күйөө менен баарлашуунун жолун таба билүүнү, тууган-туушканды, досторду, конокторду ж.б.

21.12.2015ж.


Боюмдагы балам тѳрт айлык болуп калды…

АбортДарыгерге бешинчи баласы боюнда бар аял кайрылып жатканын элестетсенер. Анын биринчи баласы сокур болуп төрөлгөн. Экинчиси чарчап калган. Үчүнчүсү – дудук. Төртүнчүсү кургак учук менен ооруйт. Аял өзү да кургак учук болуп ооруйт. Күйөөсү болсо көптөн бери сифилистен айыга албай жүрөт. Силер ага кандай кенеш берет эленер? Бойдон алдыр дегенби?

Бул аялдын бешинчи баласы болуп Людвиг Ван Бетховен төрөлгөн. Демек, биз да келечекте белгилүү болуп чыга турган далай инсандарыбызды өлтүрүп алышыбыз  толук мүмкүн экен.

14.12.2015ж.


Жолдошум түрмѳдѳ

жолдошум турмодо“Түшүмдө көрөм сени, менин сүйүүм. Бирок ойгонуп кетсем, жанымда сен жоксун. Жашоонду төрт дубал ичинде өткөрүп жатасын. Сенин жалгыз гана кылмышын – мени менен азыр жанымда боло албаганын.

07.12.2015ж.


Мырзалар эмне себептен балалуу болгулары келишпейт?

Куйоом балалуу болгусу келбейтНегизи эле эркектердин көбү балдарды жакшы көрүшөт? Бирок алардын балдарга болгон сүйүүсү айымдардыкынан айырмаланып турат десе болот. Балдарга кайдыгер караган мырзалар өтө эле аз. Апасы менен болгон мамилелердин бузулушунан гана баладан алысташы мүмкүн.

Балким, сизге кайсы бир мырза балдарды жакшы көрбөгөндөй сезилип жатса да, ал адамдын жан дүйнөсүндө эмне болуп жатканын билбейсиз. Ажырашып кеткенден кийин балдары менен катыша албай калган аталардын көз жаш төккөнүнө көп эле күбө болуп жүрөбүз.

30.11.2015ж.


Жолдошумду кайтарып алсамбы… 

жолдошумду кайтарып алсамбыТекшеринизчи, ушул күйөөнүз сизге чынында эле керекпи же сиз өз күчүнүздү сынап, анын аялына эрегишкиниз келип жатабы?  Эгерде сиз өзүнүзгө өзүнүз анын азыркы аялынан жогору экендигинизди далилдеп жаткан болсонуз, анда бул туура эмес ниет. Бул нерсени башка бирөөнүн жүрөгүн, үй-бүлөсүн талкалап, жаракат тартуулабай эле кылсаныз болот.

Эгер адам башка бирөөнүн үй-бүлөсүнүн талкаланышына жөн гана карап коё алса, анда ал адам ушул эле мамиле ага талкаланууну гана алып келерин күтүүсү керек.

23.11.2015ж.


Конокто үй-бүлѳлүк суроолор боюнча кенешчилер

уй-булолук консультанта«Ашардын» бул жолку чыгарылышында үй-бүлөлүк суроолор бюнча кенешчилер, т.а. жубайлар келип, кызыктуу маек куруп беришти. Кош келиниз!

16.11.2015ж.


Кызганчаак жигитке турмушка чыксамбы…

Кызанчаак жигитке турмушка чыксамбыТурмуш куруу үчүн сиз төмөнкү үч нерсеге көнүл бурушунуз керек болот:

  1. Психологиялык жак. Жан-дүйнөнүз бүтүн жана жаракаты жок болуусу керек. Эгер ушул убакка чейин жан-дүйнөнүздө кандайдыр бир жаракат бар болсо, андан арылууга аракет кылыныз;
  2. Руханий жак. Көз караш.
  3. Маалымат жагы. Үй-бүлө куруу тууралуу керектүү маалыматтарга ээ болуу.

Мына ушул үч жактын бирөөсүндө эле жаш адамдардын бирөөсү алсыздык көрсөтсө, анда үй-бүлөнүн бактылуу болушуна чон тоскоолдук болот.

09.11.2015ж.


Кесип тандоодо эмнеге кѳнүл буруу керек?

Кесип тандоо“Чонойгондо ким болосун?”, — деген суроо чондордун балдарга сүйүп берген суроолорунун бири болсо керек. Окуучулук күндөр зымырап бир заматта учуп өтөт. Алдыда экзамендер, анан жүрөктү өйүгөн “Ким болсом?” деген суроо. Бул суроо мектепти аяктап жаткан баланын гана эмес, анын ата-энесинин да тынчтыгын алып келет.

02.11.2015ж.


Канткенде адамдар менен тил табыша алабыз?

Адамдар менен тил табыша албай келемБиздин каалоолорубуз «талкалоочу» же «куруучу» болуп бөлүнөт. Негизи биздин каалоолорубуз башында жакшы эле болушу мүмкүн. Мисалы: сүйүүнү, сыйды каалоо, балдарыбыздын тил алышын каалоо, үйдө тынчтык болушун каалоо. Бирок биз каалагандай болбой калганда, сиздин реакцияныз кандай?

26.10.2015ж.


Күйѳѳм артыман келбеди…

Куйоом артыман келбеди...Жолдошум ур токмокко алып сабады, бүт денем көгала болгонунан кызымды алып, үйдөн чыгып кете бердим. Жетим кыз кайда бармак эле дешип, эч ким артыман келбеди. Азыр наристем менен батирде турам, жолдошум кабар албайт. Айткылачы, келинди  ушундай кордош керекпи? Буга чейин кайын синдим боюмда барымда ичиме тепкен болчу. Жолдошум артыман ээрчип калбай жүрүп үйлөнгөн, негедир таптакыр өзгөрдү…

19.10.2015ж.


Ата-энемен эрте айрылгам…

Ата-энемен эрте айылгам...Адам өзүндө өткөндөн калган көп кайгыны, кубанычты алып жүрүүчү. Учурунда айыктырылып калбаган жаракаттар адамдын инсан катары толук кандуу өнүгүшүнө өтө чон таасир берет да, жашоосунун бардык тарабына тоскоолдук кылат. Жүрөктө калып калган жаракаттардын жыйынтыгы ар түрдүү болушу мүмкүн: таарыныч, коркунуч, тынчсыздануу. Мунун баары адам өзүн өзү кабыл алуусуна таасирин тийгизет. Бул абалда узак убакка жашоо — ар түрдүү оорунун булагы болот.

12.10.2015ж.


Кызымды издеп тапкым келет…

кызымды издеп тапкым келетКөз алдыбызга тартылган жагымдуу көз ирмемдер ар бирибиздин жашообузда бар. Акыры келип, ар бирибиздин жеке жашоо тарыхыбыз бар дечи. Бирок жашоо тарыхыбызга улам-улам кайрыла берүүнүн кажети барбы? Дайыма эле бүгүнкү күнүндү кечээки күнгө салыштыра берүүгө болобу?

05.10.2015ж.


Нышаан болуп тѳрѳлгѳм…

Нышаан болуп торолгом....Ээх, эжекелер! Мен өзүм жакшы сүйлөй албайм. Кичинемден нышааналуу болуп төрөлгөм. 5 жолу операция болгом. Менин ушул оорумдан улам, анын ата-энеси мага каршы. Туура, аларды да түшүнсө болот. Мендей оорулуу келиндин не кереги бар. Азыркыга чейин жакшы көрөм. Азыр экөөбүз жөн гана доспуз. Көп жолу жолуктук. Акыркы жолу жолукканымда мен чыдай албай буркурап ыйладым. Көз жашымды өз колу менен сүрттү. Байкушум, ал да жаман болду. Ошондон бери ал да кыйналып жүрөт. Эки ортодо кыйналат: мени кыя албайт, же ата-энесин кыя албайт. Эх, арман дүйнө! Жашоодо мендей оорулуулардын сүйүүгө укугу жокпу?

28.09.2015ж.


Күйѳѳмдү убагында баалабаптырмын

куйоомду баалабаптырмынФизикада жердин тартылуу күчү тууралуу мыйзамы бар сыяктуу, биздин жашообузду, адамдардын мамилесин башкарган маанилүү мыйзам ченемдүүлүктөр бар. Ал мыйзамдардын бири – урматтоо. Адам ким аны урматтаса, ошого тартылат, ал эми ким басынтса, андан алыстайт. Урматтоо – адамдын эн терен керектөөлөрүнүн бири.

21.07.2015ж.


Күйѳѳм аракеч, ажырашкым келет…

Куйоом аракеч, ажыоашкым келетКачандыр бир убакта сүйгөн адамындын акырындап өзүн-өзү олтүрүп жатышын көрүү кыйын. Эмне кылуу керек? Ушундай “акырындап өлүп бара жаткан” адамды калтырып кетип калуу – бул туура болобу?

14.09.2015ж.


Досумдан айрылдым…

Досумдан айрылдымЖаш айымдын тун баласы чарчап калат. Аял баласын көргө коюуга эч кимге бербей, бир топ күн алып жатып алат. Бирок коншу-колон, эл журт наристени көмүш керек деп мажбурлашат. Ошондо айласы кеткен жаш эне ошол аймактагы эн бир даанышман, акылман адамга кенеш сураганы жөнөйт. Ал адам аялга мындай бир шарт коёт…

07.09.2015ж.


Күйѳѳмдү кайрып алсамбы…

Куйоомду кайрып алсамбыНикенин талкаланып калышы эркек үчүн да, аял үчүн да оор. Изилдөөлөргө караганда, никенин талкаланышын аялзатына караганда, эркектер оор көтөрүшөт. 

Ажырашуудан кийин кайрадан калыбына мезгили болжол менен 1-2, кээде 4 жылга чейин созулат. Ушул жерден көп эркектер ката кетиришет.

31.08.2015ж.


Аялым Россияга кетип калды…

аялым россияга кетип калдыБалабызга үч ай болгондо кайненем аялымды Россияга кетирем, иштеп келсин, синди-инилерин бутуна тургузушу керек деп туруп алды. Көптөгөн талаш-тартыштар, сүйлөшүүлөрдөн кийин келинчегим менин кетпе дегенимди укпай, баламды апасына калтырып кетип калды…

24.08.2015ж.


Кызганыч жашаган нике бекем болобу же ал жок никеби?

кызганычАлбетте, кызганыч жок болгон же ал өтө эле аз өлчөмдө болгон нике бекем болот. Ал жерде жубайлардын көңүлү тынч, анткени бири-бирине ишенишет. Ѳлчөмү менен болгон кызганыч жакшы. Ал эми анын туура өлчөмүн баарыбыз эле биле беребизби? Эң жакшысы, өзүң да кызганбай, башкага да кызганууга себеп бербегенге аракет кыл…

17.08.2015ж.


Ала жипти аттаган ѳмүрлүк жарымды кантип кечирем?

Ала жипти аттооЖаратуучу миң сандаган адамдардын арасынан, эгиз козудай бири бирине эп келишкен эки жаш жубайды табыштырган. Алардын бири-бирине жараша ээрчишип жүргөндөрү,  көргөндүн көз жоосун ала суктандырып: «тим эле көгүчкөндөрдөй болуп, бири бирине куп келишкен жубайлар экен» деген сөздөрдү да укчу элем. Бул жашоодо эмнелер гана болбойт.

10.08.2015ж.


Жигит эмне үчүн алыстайт?

Жигитим менден качып ататЭгер сүйлөшкөндөн кийин кыска эле убакытта жигит “Ушуга чейин сени жакшы көргөнчөлүк эч кимди жактырган эмесмин” дей турган болсо, чынында ошондой экендигине ишенип калуу туура эмес. Ооба, балким анда сизге карата кандайдыр бир сезимдер болуп жатышы мүмкүн, бирок бул сиз элестеткен сезим эмес. Жигиттин минтип айтышына себеп бар.

03.08.2015ж.


Ата-энеме керегим жок болуп калдым…

Ата-энеме керегим жок болуп калдым«Мен үчүн баарынар бирдейсинер» деп калган апаларды көп эле угабыз. Бир туугандар арасында араздашуу болуп кеткенде, балдар адатта, ата-энесине «сен баланча баланды менден артык көрөсүн» деп таарынып калышат. Ооба, кээде үй-бүлөдө ата-эненин кайсы бир баласына өзгөчө мамиле кылып жатканын байкаса болот. Мындай мамилени көрүп туруп, ушул баласын тиги баласына караганда көбүрөөк жакшы көрөт экен деген чечим чыгаруудан алыс болушубуз керек. 

27.07.2015ж.


Кайненем кол кѳтѳрдү…

Кайненем кол которгонСалам Ашар. Атым Гулбу. Мага да кенеш бериниздерчи. Мен күйөөм менен 3 жыл жашадым. Кайненеме таарынып кетип калгам. Ал мага кол көтөргөн. Деги эле, келиндерине кол көтөрүү анын адаты.

20.07.2015ж.


Ѳз жашоондун кожоюну бол

Оз жашооно озун кожоюн болБутактан үзүлүп түшкөн жалбыракты элестетсениз. Шамал кай жакка айдаса, ошол жакка учат. Шамал басылып, жерде жатып калат да, кайра эле жел болуп кетсе, башка багытты көздөй алып учат. 

Адам да ушул сымал эле өзүнүн жан дүйнөсүн андап билбесе, өзүнүн ким экенин тааныбаса, бул жашоого эмнеге жаралганын билбесе, жашоо кырдаалы кайда айдаса, ошол жакка бет алат, б.а. ал жашоо кырдаалын эмес, жашоо кырдаалы аны башкарып калат. Мындай адамды жашоо оюнчуктай колдонуп коет. Керек болсо аны талкалап туруп, керегин жок деп ыргытып жибериши толук мүмкүн.

13.07.2015ж.


Жашоом башка кыздарга сабак болсун…

Жашоом башка кыздаргаСаламатсыздарбы. Менин атым Айжамал. Үйдүн жалгыз кызымын.  Мектепти аяктаган жылы бир жигитке намысымды алдырып койгон элем. Ошол учурда кыздын кыздык намысы болорун билген эмесмин. Никеге чейин кыз өзүн таза кармашы керектиги тууралуу оюма да келген эмес. Эч ким мага бул тууралуу айтып, үйрөтпөптүр…

06.07.2015ж.


Үй-бүлѳлүү мырза колумду сурап жатат…

Уй-булолуу мырза колумду сурап жатат...Ал адам сизге керекпи же кереги жокпу, чечим сизден. Кээ бир адамдар үчүн үй-бүлөнү бузуп, башкалардын азабына өз бактысын куруп алуу оной эле. Ал эми башкалар үчүн үй-бүлөсү бар адам менен мамиле курмак түгүл, сүйлөшпөйм, жакын да жолотпойм деген чечим менен жашашат. Окей радиосу так ушундай чечимди колдойт.

29.06.2015ж. 


 Балалуу аялга үйлѳнсѳмбү…

Балалуу аялга уйлонсомбуКелгиле, чындыктын көзүнө тике карайлы: ар бир эле эркек балалуу аялга баш кошкусу келе бербейт. Сүйүү эч нерсеге карабайт дегенибиз менен, жашоодо такыр башка. Чыныгы, реалдуу жашоодо алдыдагы бакытка кандай себептер бут тосорун карап көрөлү.

22.06.2015ж.


Күйѳѳм ишенимсиз…

Куйоом ишенимсизИшенимсиздик заманбап көйгөй болуп калды. Бул көрүнүш жана мындан ишенимсиз адам тартуулаган жандын азабы көптөргө тааныш. Башка бирөөнүн бактысына көз арткан же түрдүүлүктү издеп келген ишенимсиз күйөөлөр ар бир эле доордо жашап келген.

15.06.2015ж.


Күйѳѳм ичет, мени урат …

Күйөөсү ичкиликти жакшы көргөн адамдын аялы Куйоом ичет, мени урат...эмнелерге жол бербеши керек?

Көп аялдар мындай суроо беришет: “Күйөөм ичкенин токтотушу үчүн эмне кылуу керек?” Жооп катары бир нерсени айтууга болот: ичкен күйөөсүнүн журум-турумун өзгөртүү үчүн атайын бир даяр жүрүм-турум эрежеси жок. 

Бирок башка жагынан карап көрүп, чыгуу жолун издесе болот.

08.06.2015ж.


Кандай эркектин жанынан аял эч качан кеткиси келбейт?

Кандай куйоодон аял эч качан кетпейт

  • Ар дайым жөлөнүүгө мүмкүн боло турган эркек; Мындай эркек сен качан муктаж болгонунда, дайыма жанында болгон эркек. Ал эч качан сени жалгыз кыйынчылыкта калтырбайт.
  • Ѳз милдетин жакшы билген жана жоопкерчиликтүү эркек; Жоопкерчиликтүү эркек аялы менен балдарынын жашоосунун жакшырышы андан көз каранды экендигин мойнуна алат жана аракет кылат.
  • Боорукер; Ал сен күүлүү-күчтүү болуп турган убакта гана эмес, алсырап, көп нерсеге күчү келбей калганда да кам көрүп, жалгыз таштабайт.
  • Эр жүрөк эркек; Керектүү жерден колдоп, коргой алат. Ѳзгөчө, туугандар менен көйгөй болгондо, өз үй-бүлөсүн жан дили менен коргойт.
  • Сени менен бир болууну каалаган; Мындай эркек мүмкүнчүлүктү колдон кое бербей, аялын өөп, кучактап, эркелетип сүйүүсүн көрсөтөт.
  • Чечкиндүү эркек; Ал үй-бүлөдөгү маанилүү чечимдерди өзү чечет жана анын жыйынтыгында кандай болбосун, өзү мойну менен көтөрөт. Аялын айыптабайт.

04.06.2015ж.


Жалгыздыкка кѳнүп алдым

Үйдөгүлөр турмушка чыгышымды каалайт. КЖалгыздыкка конуп алдымээде намыска алдырып, тобокелге салып турмушка чыгып алсамбы дейм, бирок корком. Ден-соолугумдун айынан дарыгерлерге корүнсөм, “бироо менен жүрүп ал же күйөөгө тий дешет”. Мага кенеш керек.

01.06.2015ж.


Ѳзүндү аёо

Хелен КеллерХелен Келлер: «Жүзүңдү жарыкка бур, ошондо көлөкөнү көрбөйсүң»

Хелен Адамс Келлер 1880-жылы, 27-июнда Алабама штатында жарык дүйнөгө келген.  Кызга 18 ай толгондо жугуштуу оору менен жабыркап, күчөп кетип, натыйжада көзү көрбөй, кулагы укпай калат, демек ал дудук да болуп калган.  Хелен 7 жашка толгондо,  Анна Суливан аттуу мугалим, аны окутуунун б.а. сабатын жоюунун ыкмасын ойлоп тапкан. Ошентип Хелен жогорку билимге ээ болуп, атуулдардын эркиндигин коргоо боюнча Америкалык биримдиктин негиздөөчүсү болгон(American_Civil_Liberties_Union).  Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун коргогону үчүн көптөгөн сыйлыктын ээси болот.

 Американын белгилүү жазуучусу, журналист жана коомдук ишмери Марк Твен Хелен тууралуу мындай ойду айткан. «19-кылымдын эки гана улуу инсаны бар. Бири– Наполеон Бонапарт, экинчиси —  Хелен Келлер. Наполеон дүйнөнү өз күчү менен жеңип алууга аракет кылып, утулуп калса, Хелен жан дүйнөсүнүн байлыгы, оюнун күчтүүлүгү  менен жеңип алды».

28.05.2015ж.


Күйѳѳнүн кѳзүнѳ чѳп салуу

Аял эмне үчүн күйөөсүнүн «көзүнө чөп салат»?Куйоонун козуно чоп салуу

Аялдын ишенимсиздиги өтө эле он сезилген көрүнүш. Изилдөөчүлөр аялдын ишенимсиздигинин психологиясын карап отуруп, бир нече себебин көрсөтүшкөн:

  1. Күйөөсүнүн ишенимсиздиги үчүн өч алуу.
  2. Күйөөсүнө ыраазы болбогондук. Бул учурда аялдын суранычтарын эске алуу маанилүү.
  3. Күйөөсүнүн жетишерлик кам көрбөгөндүгү.
  4. Башка бирөөнү сүйүп калуу.

25.05.2015ж.


«Жок»  деп айта алуу ийгиликке алып келет…

жокИчип мас болуп алган жигит жолдошуна, спортсмен жигитке кайрылат: “мени сыйласан, бул стаканды алып жибер”. Спортсмен жигит болсо ичпеген, чекпеген жигит эле. Ал “жок, мен ичпейм” деп айтпастан, “ЖОК” деп айтуунун башкача жолун ойлоп табат. Ал мас жолдошуна: “сен мени сыйласан, мобу жерге 50 жолу “отжимание” жасап жиберсен, мен стакандагыны алып жиберет элем”. Ѳз жашоосун “жөн гана агым менен” жашабай, шыктануу менен куруп жаткан адамдарда бир жалпылык бар – алар өздөрүнүн убактысына жана өз көз карашына кылдаттык менен мамиле кылышат.

21.05.2015ж.


Эрте нике 

Деги эле «эрте нике» деген эмне?

Бул суроо эң эле жөнөкөй суроодой туюлат. эрте никеЖооп бере келсек: эрте нике – бул никеге турганга ылайык жашка толо электен мурун үй-бүлө куруу. Бүгүнкү күндө 18-20 (эркек балдар үчүн) жаш курагында үйлөнүү да эрте нике болуп эсептелинет. Көп учурда “эрте нике” деген психологиялык көз караштан улам айтылат. Психологиялык жактан адам башка адам үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алганга даярбы же жокпу? Бул нерсеге карап иш кыла турган болсок, кээде жашка деле карабай коюу керекпи деп ойлойсун, анткени 17 жаштагы бала, 25 жаштагы жигитке караганда үй-бүлөлүк жашоону алып кеткенге жөндөмдүү болуп калат.

18.05.2015ж.


Жигиттерге эмне үчүн жакпайм?

балдарга кантип жагамЭмне үчүн балдарга жакпайм деп тынчсызданасыңбы? Көп кыздар, атүгүл сыртынан байкатпаган кыздар деле тынчсызданышат. Балдарга кандай кыздар жагат? Кандай кыздар жакпайт? Канткенде кадыр-баркыңды түшүрбөй, жакшы жигитке жага аласың?

14.05.2015ж.


Кыздар мени чана беришет…

Кыздарга кандай уландар жагат? Кыздар мени чана беришетБул суроонун жообу ар бир эле уланды кайдыгер калтырбаса керек, себеби анын жообу уланга ѳзүнѳ жагып жүргѳн кызын утуп алууга жардам берет. Албетте, кыргыз элинде канча кыз бар болсо, жигитти тандоодо да ошончо табит бар. Ошентсе да, ар бир кызды кайдыгер калтырбаган, сѳзсүз кѳӊүлүн бурдурган негизги эркектик сапаттар бар.

11.05.2015ж.


Аялым сыйлабай калды…

Аялым сыйлабай калдыЭркектер арасында сурамжылоо жүргүзгѳндѳ, эркектердин кѳп пайызы аял тараптан сүйүү эмес, сый-урмат күтүшѳрүн айтышкан.

Ал эми аялзаты буга эмне дешет? Эркектер сыйга, урматка татыктуу болуушу керек, ѳздѳрүн ошого ылайыктуу алып жүрүүсү керек дешкен. Суроо туулат: «Мырза канткенде аялдын урматына ээ боло алат?»  Бул тууралуу талкууну угуп, ѳз оюӊузду да калтырып койсоӊуз болот.

07.05.2015ж.


Кекечмин…

Мен 17жаштагы баламын, элдер менен тил табКекечтикышып, сүйлѳшкүм келет. Оюмдагы сѳзүмдү айта албай кыйналып, кекечтенип сүйлѳйм. Эске тутуум да начар, сиздерден кеӊеш сурайын деп чечтим, мага жардам бериӊиздерчи. Рахмат.

04.05.2015ж.


Аял ѳзүн никеде качан бактылуу сезе алат?

Качан аял озун никеде бактылуу сезет 2Качан заӊгыраган, ичи кымбат-баалуу эмерекке толо үйлүү болгондобу? Балдары бактылуу, ийгиликтүү болгондобу? Күйѳѳсү жакшы маяналуу кызматка ээ болгондобу? Капчык толо акча болгондобу? Ар кандай кѳнүл ачуулар, эс алуу же үйдѳ ѳзүн толук кожойке сезе алгандабы? Же эл алдында бийик зоболого ээ болгондобу? Албетте, мунун кѳбү ѳтѳ маанилүү, ал эми кээ бири сѳзсүз керек, бирок аялдын эн негизги керектѳѳсү, муктаждыгы бирѳѳ гана.

Аял күйѳѳсүнүн сүйүүсүн сезе алганда гана ѳзүн толук бактылуу сезе алат экен. Жолдошунун сүйүүсүнѳ сугарылбаган аялзатынын жашоосу кунарсыз, бактысыз болот. Никедеги бакытка жетүү үчүн үч негиз бар… Кайсы негиздер экенин билгиӊиз келсе, бул уктурууга кулак тѳшѳӊүз.

30.04.2015ж.


Жамандыкка жакшылык

  1. Жакшылыкка жакшылык — ар жамандыкка жакшылыкадамдын иши.
  2. Жакшылыкка жамандык – кѳр адамдын иши.
  3. Жамандыкка жакшылык — эр адамдын иши.
  4. Жамандыкка жамандык – жер адамдын иши.

Сиз кайсынысына киресиз, ардактуу замандаш? «Ашар» уктуруусунун ушул чыгарылышынан билип алсаӊыз болот…

23.04.2015ж.


 Үйлѳнѳ элек бала балдарыма ата болом дейт…

Уйлоно элек бала балдарыма ата болом дейт...Эки балам бар. Ажырашканыма 2 жыл болду. Үйлѳнѳ элек бала колумду сурап жатат. Ал алам дейт, бирок ата-энем каршы, эмне кылсам болот?

20.04.2015ж.


Эч качан женилип бербе

Бул «Ашар» уктуруусу ѳзгѳчѳ форматта ѳтэч качан женилип бербетү. Буга дейре угармандарыбыз ѳз кѳйгѳйлѳрүн кат аркылуу жѳнѳтүшсѳ, бүгүнкү каарманыбыз ѳзү катышууну чечти. Анда эмесе, бул маекке ортоктош болуӊуз.

16.04.2015ж


 Ѳзүмдү адашкан адамдай сезем…

Озумду адашкан адамдай сеземАкыркы убакта түнт болуп кеттим, мурун шайыр адам элем, азыр анын бири жок. Ѳзүмдү адашкан адамдай сезем, бул абалыман кантип чыгам жардам бергилечи.

 

13.04.2015ж


Апама баргым келет

Жашым он жетиде. Кичинемде ата-энемgetImage ажырашып кеткен. Мен атамдын колунда калгам,  инимди апам алып кеткен. Чон апамдын колунда чоӊойгом. Бирок 7-класста чоӊ апам каза болуп калып, атам, өгөй апам болуп, 9-классымда шаарга келгенбиз. Ѳзүмдүн апам мени ѳзүм окутам, алып кетем деп жатат. Атам, албетте, каршы. Атамды таштап кете албайм. Азыр ѳзүмдүн атам дагы, апам дагы Россияда иштеп жүрүшѳт. Мен болсо ѳгѳй апамдын колундамын. Мамилебиз жакшы эле, бирок курбуларым сени аябай кѳп кагып-силкет деп айтышат. Атама арызданбаганга аракет кылам. Себеби менин айымдан атамдын жашоосу талкаланып калышын каалабайм. Кандай чечим чыгарсам, кеӊеш бергилечи? Аяна.


 Атамды сагындым

sVQVErWbjEsМенин атым Алина. Ата-энем ажырашып кеткенине 12-13 жыл болуп калды. Ошондон бери бизден бир да жолу кабар алган жок. Ал башка үй-бүлѳ куруптур деп укканбыз. Бирок ал аялдын балдары каршы болуп, экѳѳнү жашатпай коюшуптур. Азыр атам Бишкекте квартирада жашайт экен деп уккам. Мен атамды аябай кѳргүм келет жана аны менен катышкым келет. Бизде баары жетиштүү эле, бирок ошентсе да, мен ѳзүмдү башкалардан кем сезип кетем. Атама таарынычым чон, бирок азыркыга чейин бизге кайрылып келеби деп күтѳ берем. Үйдѳ жалгыз калганда ушуларды эстеп ыйлайм. Акыркы күндѳрү ѳзүнчѳ бушайман болуп, ойго чѳгүп кеттим. Эмне кылам? Кеӊеш бериӊиздерчи?


Жигитим синдиме үйлѳнѳм дейт

Менин атым Асема, жыйырмадамын. Жолдошум ала качып кетИнтернет-аркылыкен. Ортобузда бир кыз бар. Мурунку жигитим менен телефондон сүйлѳшүп турабыз. Азыр ал мени менен жакын болуш үчүн, сиӊдиме үйлѳнгүсү келип жатат. Жолдошум болсо мурун сиӊдимди жакшы кѳрчү. Бирок ал мектеп окуучусу болгондуктан, мени ага окшоштуруп, ала качып кетиптир. Мен макул болсо эле, мурунку жигитим сиӊдимди алам деп жатат. Эмне кылышты билбей калдым. Бул мамилелерге кантип чекит коём? Кеӊеш бергилечи.


Жубайым ѳлѳм деп атат…

Менин атым Бек. 32 жаштамын. Келинч4_161егимдин аты Элина. Экѳѳбуз бири-бирибизди катуу сүйүп, анан үйлѳнгѳнбүз. Эки балабыз бар. Үчүнчүсүн, Кудай буюрса, жакында жарык дүйнѳгѳ келет деп кубана күтүп жаткан чагыбыз. Бирок аялым Элина акыркы убактарда тынымсыз ыйлачу болду. Мурунку сүйгѳнүн эстейт, ал жол кырсыгынан каза тапкан экен. Кѳрсѳ, мен анын жигитине окшош болгондуктан, мага турмушка чыгыптыр. Мени кѳргѳн сайын жигитин эстеп, кыйналып жатам дейт. Тѳрѳт учурунда ѳлүп калып, сүйгѳнүмдүн жанына кетем деген сыяктуу жаман сѳздѳрдү айта турган болду. Кээде ачуум келип, кѳрүнѳ барып, жанына жатып ал деп да урушчу болдум. Аялыма да, мага да кеӊеш бериӊиздерчи. Бул абалдан кантип чыксак болот? Бек жана Элина.


Кантип барктуу болом?

Атым Жыпара. Биринчи никемен 1 кызым бар. Жолдошум ар кСнимокайсы аял менен журѳ берип, акыры ажырашып кеткенбиз. Арадан беш жыл ѳткѳн соӊ бир жигит менен таанышып калдым. Аты Жанар. Анын да мурунку никесинен колунда эки баласы бар экен.  Дароо эле үйлѳнүп, никебизди кыйдырып алалы деген сунуш айттым. Жанар болсо үйлѳнүү жѳнүндѳ такыр сѳз кылгысы келбейт. Бир эмес эки жолу боюма бүтүп, экѳѳндѳ тен ыйлаганыма карабай боюман алдыртты. Акыркы убактарда мамилеси муздап, мени таштап кетти. Жалынып-жалбарып ыйлаганыма карабай, «сен аялдыкка эмес, ойноштукка гана жарайсыӊ» деген сѳздѳрдү айтып, кетип калды. Азыркы убакта абалым оор, апамдын каза болгону, атамдын келиндин колунда кор болгону, кызымдын ар кимдин колунда чоӊойгону, жигитимдин таштап кеткени мен үчүн оор сокку болуп, жашоомду улантуу оор болуп турат. Баарынан кыйыны Жанарды такыр унута албай атам… Канча жаман сѳздѳрдү айтса да, кѳӊүлүм калбай койду. Эмне кылышты билбей калдым, кеӊеш бериӊиздерчи…


Кантип кол үзѳм?

670px-Stop-Loving-a-Guy-Step-03Менин тѳрт балам бар. Жолдошум менен ажырашып кеткениме 3-4 жыл болуп калды. Турмушка чыгууну ойлончу эмесмин. Бирок 10 жаш кичуу жигит 2 жылдан бери ээрчип жүрѳт. Үйлѳнѳлү, балдарыӊды атасына бер дейт. Аябай  кызгаанчак, дайыма телефонумду текшерет. Ал тургай, балдарымдан да кызганат. «Мени же балдарыӊды танда» дегенден кийин кѳӊүлүм калды. Бирок тынчтык бербей, күн-түнү келе берет. Ушул жигит менен мамилемди кантип токтотуп койсом болот? Элдин кеӊешин сурайм. Акмоор.


Күйѳѳм сабайт, ѳзүмдѳн 18 жаш улуу

Менин атым Аида. Күйѳѳм менден 18 жаш улуу. Ал мени ала качып кеткен. 7Үйлѳнгѳнүбүзгѳ 6 жыл болду. Бир уул, бир кызыбыз бар. Уулубуз 4 жашта, кызыбыз 2де. Бирок боюмда бар кезде эле жолдошумдун колу тийчу. Соосунда деле сабай берет. Ал тургай, апама да кол кѳтѳргѳн күндѳрү болду. Ажырашып кетким келет, бирок балдарымдын атасыз ѳсүшүн каалабайм. Эмне кылам?


 Күйѳѳмдү күтѳ берем

posledstviya-razvoda-460x306Мени 2010-жылы ала качып кетишкен. Жолдошум менен 2 ай бактылуу жашадык. Анан кош бойлуу болуп калдым… Айылга барганда мен эрке ѳскѳндѳнбү, билбейм, кайнеже, кайнагам, жеӊелери ушактай берип, ажыраштырып тынышты. Азыр ал кайра үйлѳнүп алыптыр. Баласын эч сурабайт. Балам азыр 3 жашта. Ушул убакка чейин кайрылып келеби деп күтѳм. Ѳзүмдү алаксытайын десем, болбой жатат. Мен эмне кылышым керек? Сиздерден жардам сурайм. Айка.


 Томолой жетим калдым

Саламатсыздарбы ОК радиосу. Мен Нарындан болом. Атым Айбек. Эки бир E91TNa2Lk9Eтууганмын. Мен 12 жашымда, карындашым 9 жашында апабыздан ажырап калганбыз. Башыбыздан кѳптѳгѳн кыйынчылыктар ѳттү. Азыркы убакта да аябай кыйналып жатабыз. Жакында жалгыз атабыздан да ажырап калдык. Карындашым 3-курста окуйт. Жардам бере турган эч ким жок. Билбейм, эми кандай болот? Жараткан Кудайымдын берген ырыскысы менен жашап жатабыз. Эмне кылышымды билбей калдым. Кеӊеш бергилечи.


Апам ичип кетти

Безымянный-1Атым Гулбарчын. 19 жаштамын. Тѳрт бир тууганмын. Жашоонун ысык суугуна бирде күйүп, бирде тоңуп келе жатабыз. Ата-энем ажырашып кетишкен. Тогуз жылдын жүзү болду. Атам башка аял алып алган, кайрылып келбейм дейт. Апам болсо ичкиликке берилип кеткен. Ичкилигин  токтотуунун болгон аракетин кѳрүп келе жатабыз. Бирок күчүбүз жетпеди.  «Таштап кетебиз» деп коркутуп да кѳрдүк. Аракты кантип таштатсак болот? Бизди да аракка сатып жибереби деп коркобуз. Кайсы күнѳѳлѳрүбүз үчүн мындай күнгѳ туш болдук. Эжем экѳѳбүз тең иштейбиз. Иним менен сиңдим биз кѳргѳн күндү кѳрүшүн каалабайбыз. Шаарда батирде турабыз. Айылдагы үйдү атам талашып жатат. Бул маселени кантип чечсек болот?


Аялымды кантип кайра алып келем?

Менин атым Нурлан. Сүйлѳшкѳн кызымдын боюнда болуп калып, 3 ай мурун үйлѳнгѳскачанные файлым. Жакшы эле жашап жатканбыз. Бирок, иштеш керек болуп, мен шаарда, келинчегим болсо айылда апамдардын жанында болчу. Бир жолу жумушуман жибербей, эки ай айылга барбай калдым. Келинчегим таарынып кетип калды. Аркасынан канча ирет барсам да келбей койду. Кайненем бизди такыр жолуктурбай жатат. Мен болсо акыркы күндѳрү ичкиликке берилип баратам. Келинчегимди унута албай кыйналдым. «Кайра башкага үйлѳнүп, ушул катамды кетирбей жашасамчы» — деген ой да келет. Эмне кылаарымды билбей калдым. Кенеш бергилечи.


 Аялымды унута албайм…

скачанные файлы (1)

Саламатсыздарбы Окей радиосу. Атым Кубан. Сезимдерди бакпа дейсинер, бирок ошол сезим болгон үчүн жашайт экенбиз да. Мен сиздерге ѳзүмдүн унута албай жүргѳн сүйүүмдү айтып берейин жана ошого жакшы кеӊешиӊерди угайын дегем. Мен 2 жыл сүйлѳшүп, андан соӊ баш кошконбуз. Арадан 6 жыл ѳткѳн соӊ балалуу боло албаганыбыздан, келинчегим кетем дегенинен, бала багып алдык эле. Балабыз бир жарым жашка чыкканда, «тѳрѳй турган келинчек ал» — деген сѳзү менен балабызды ѳзүмѳ таштап, кетип калды. Андан бери 3 жылдын жүзү болду. Дагы деле унута албайм, башка кыздарга эч кѳӊүлүм жок. Эмне кыларымды билбей жатам, кеӊешиӊерди уккум келет.


Кыздык абийиримен ажырап калгам… 

imagesМенин атым Арина. Жигитим экѳѳбуз кѳптѳн бери чогуу жашап жатканбыз. Азыр ал армияда. Мен апама ушул кѳйгѳйүм тууралуу айттым. Жигитим келип апам менен сүйлѳшүп кетти. Аскердик кызматты аяктаганда, үйлѳнмѳй болдук. Бирок ал келгенде: «Мен жокто кандай жүрдүӊ?» — деген сѳздѳрдү айтат деп корком. Жигитим менен жашап алганыма аябай ѳкүнѳм. Эми эмне кылам? Кеӊеш бергилечи.


 Күйѳѳм эки аял менен жашайм дейт…

images (1)Салам, ОК! Менин атым Перизат. Мен кѳптѳн бери чечилбей жүргѳн кѳйгѳйүмдү ортого салайын дедим. Мен азыр 23 жаштамын. Турмушка чыкканыма 2 жыл болду. Бирок, жолдошум Россияга иштегени кетип, башкага үйлѳнүп келиптир. Күйѳѳм экѳѳӊѳр менен теӊ жашайм деп жатат. Ата-энем болсо ажыраш дейт, а мен ажырашкым келбейт. Жашай берейин десем, туугандарым да каршы болуп жатышат. Эмне кылышымды билбейм…

 


 Күйѳѳмдү кантип кечирем?

Саламатсызбы «Ашар». Атым Индира. Эки баланын апасымын. Мен балдарымдын атасын кѳп жылдар бою кечире албай images (3)келем.Жолдошум менен он жыл мурун ажырашып кеткенбиз. Балдарым атасын 10жылдан бери кѳрѳ элек. Бир шаарда турсак да балдарын сурап, курсагы ток, кийими бүтүнбү деп бир кайрылып койгон жок. Жүрѳгүм таарынычка толуп, кечире албай келем. Таарынычтан кантип айрылсам болот. Кеӊеш бериниздерчи.


Оорумдун айынан күйѳѳм таштап кетти

imagesСалам Ашар. Менин атым Арууке. Үй-бүлѳмдѳгү эӊ кичүү кызмын. Ата-энем мага жакшы кам кѳрүшүп, жакшы ѳстүрүштү. 2 жыл сүйлѳшүп жүрүп турмушка чыктым. Кайненем мени жактырбады. Кайненем жолдошумдун ѳгѳй апасы эле. Кийлигишип отуруп, экѳѳбүздү ажыраштырды. Кыздуу болдук. Кызыбызга эки ай толгондо ажыраштык. Беш айга толгондо, ал чарчап калды. ? Экинчи жолу турмуш курдум. Ал менден 14 жаш улуу эле. Аны менен да ажырашып кеттик. Ден-соолугумдун айынан. Денемде ак тактар бар. Оорум витилиго деп аталат. Күйѳѳм кетип жатып: “сени эч ким албайт”-деп басынтуучу сѳздѳрдү айтып кетти. Кээде ушунчалык кыйналгандыктан, асынып ѳлгүм келет…      


Жээндерим апасынан ажырап калышты…

 Достор, бүгүнкү «Ашар» уктуруусуна келген кmid_138786_6289ат тѳмѳндѳгүдѳй:
«Ашар саламатсыздарбы. Айсада, Сейил эже, угармандар, сиздердин кеӊешиниздерге муктажмын. Атым Адеми. 2жыл болду эжем катуу оорудан улам каза болуп калган. Анын 2 кызы, 1 уулу бар. Апасын сагынгандыктан уламбы мүнѳздѳрү ѳзгѳрүлүп, сабакка да кѳӊүлү жок. Улуу кызы 17 жашта, аты Асель, учурда атасынын эжесинин үйүндѳ синдиси менен жашайт. Апаӊ ѳлдү жок дегендей, тайларындыкына барбайсыӊ деген тыюу салыптыр. Синдим ѳлүп алганга чейин барууда, жашоо кызыксыз дейт, сиӊдиме кантип жардам бере алам, кеӊеш бергилечи».


 Күйѳѳм кѳк бет…

куйоом кок бетАшар саламатсыздарбы. Куйѳѳм аябай кѳк бет. Кечирим сурасам да каадаланат. Кѳк беттигин кантип таштатсам болот. Кеӊеш бериниздерчи.


Күйѳѳмдү интернеттен кантип арылтам…

Салам Ашар. Менин атым Айнура. Мен кош бойлуумуКуйоомду инеттен кантип арлытамн. Жакында кѳз жарганы жатам, күйѳѳм болсо интернеттен тааныбаган эле келиндер менен кат жазыша берет. Менин маанайымды бузуп, кирбе десем, такыр укпайт. Ушул эгер улана берсе, экѳѳбүздүн жашообуз кандай болот, кантсем күйѳѳмдү интернеттен арылтам.


Балдарыма ылайыктуу ата болсо

Балдарыма ылайыктуу ата болсоСаламатсыздарбы. Атым Кундуз. 24 жашымда ата-энем мажбурлап, турмушка берип коюшкан. Бири-бирибиздин тилибизди таба албай ажырашып кеттик. Анан шаарга келдим. 32 жашымда кайра турмушка чыктым. Эки балалуу болдук, улуусу уч жашта, кичүүсү  экиде. Бир жыл мурун жолдошум каза болуп калды. Акыркы күндѳрү «жаш кезиӊде турмушка чыгып ал, балдарыӊ чоӊойгондо кеч болуп калат» деп жатышат жакын адамдарым. Эмне кылаарымды билбейм, балдарыма  ылайыктуу ата болсо, чыгып алсамбы дейм, а бирок коркуп да кетем. Мага кеӊеш бериӊиздерчи, эмне кылам? Кайра турмушка чыксамбы же балдарымды жалгыз эле чоӊойтсомбу?