Вопросы? Коментарии? Звоните: 0312 531647

Апалар мектеби






essentialsurvival-orgБала тарбиялоо – аялдын эӊ улуу иши. Эне баласынын денеси үчүн гана кам көрбөстөн, анын жан дүйнөсүнө, жүрүм-турумуна, адеп-ахлактык тарбиясына зор таасир берет. Ал балдарынын жакшы адаттарды өздөштүрүүсүнө көмөктөшөт. Баланын адаттары жаӊыдан пайда болуп, мүнөзү калыптанып келе жатканда, эненин таасири баарынан күчтүү.

Айсада Иманканова жана Сейил Калдыбаева «Апалар мектебине» окуучуларды кабыл алууга даяр. Кош келиӊиз.


«Апалар мектеби» уктуруусунун кайталоолору 


Апалар мектеби

%d0%b6%d0%b0%d0%bd%d1%8b-%d0%b6%d1%8b%d0%bbЖаны жыл – үй-бүлөлүк майрам!!!

27.12.2016ж.



Апалар мектебинде

%d1%8d%d0%bd%d0%b5-%d0%b1%d0%b0%d0%bb%d0%b0-%d0%bc%d1%8d%d1%8d%d1%80%d0%b8%d0%bc%d0%b8«Эне бала мээрими» коомдук фондунун негиздөөчүлөрү, жүрөктөрү сүйүүгө толгон жубайлар Иса мырза менен Таалай эже мейманда болуп, кызуу маек куруп беришти.

20.12.2016ж.


Жашоо образы деген эмне?

%d0%b6%d0%b0%d1%88%d0%be%d0%be-%d0%be%d0%b1%d1%80%d0%b0%d0%b7%d1%8bЖашоо образы деп инсандын жашоодогу иш-аракетинин туруктуу типтик формасы. Адамдын коомго аралашуу, башка адамдар менен мамилелеше билүүсү. Б.а. адамдын айлана тегерегиндегилер менен болгон мамилесин аныктай турган адаты, каада-салты, жүрүм-турум формасы.

13.12.2016ж.


Аялзат эркектин турмушун саймалап турушу керек…

%d0%b0%d1%8f%d0%bb-%d1%82%d0%b0%d0%b0%d1%81%d0%b8%d1%80%d0%b8Бала тарбиялоо – аялдын эн улуу иши. Эне баласынын денеси үчүн гана кам көрбөстөн, анын жан дүйнөсүнө, жүрүм-турумуна, адеп-ахлактык тарбиясына зор таасир берет.

29.11.2016ж.

 

 


Жүрөктөгү ой — адамдын ким экендигин тастыктайт!

%d0%b6%d1%83%d1%80%d0%be%d0%ba%d1%82%d0%be%d0%b3%d1%83-%d0%be%d0%b9Бүгүн биз силер менен ойлогон ойлорубуз денебизге күч-кубат берип, сак-саламат кылары, же болбосо аны бузуп, өлүмгө дуушар кылары тууралуу сүйлөшкүбүз келет. Ыйык Китепте мындай деп айтылган: «Анын жүрөгүндөгү ойлору кандай болсо, өзү да ошондой».

22.11.2016ж.


Ашказанга бийлик кылуу — эрктин калыптанышына шарт түзөт…

%d0%b0%d1%88%d0%ba%d0%b0%d0%b7%d0%b0%d0%bdБатыштагы изилдөөчүлөрдүн бири танкы тамагы менен бирге кичинекей капсула түрүндөгү камераны кошо жутат. Бир күн бою ал капсула анын ичеги карынын аралап, ал жерде болуп жаткан иштин баарын “төкпөй-чачпай” чон экранга чыгарып берип турат. 

15.11.2016ж.


Балада адамгерчилик кайдан калыптанат?

%d0%b0%d0%b4%d0%b0%d0%bc%d0%b3%d0%b5%d1%80%d1%87%d0%b8%d0%bb%d0%b8%d0%baАдамгерчилик — бул адамдар менен болгон күнүмдүк мамиледе колдонулат. Адамгерчилик — бул адамга кадыр-барк алып келе турган адам сапаттарынын ичинен эн жогоркусу болгон моралдык-нравалык сапат. Бул башка адамдын руханий дүйнөсүн, анын кызыкчылыктарын, үмүттөрүн туюп-сезе билүү. Адамгерчилик адам муктаж болуп жаткан ар бир адамга ал адамдын мүмкүнчүлүгүнө, социалдык ордуна карабастан жардам берүүгө дайым даяр. Адамгерчилик — бул башка адамдын мүнөзүнөн, темпераментинен жакшы, позитивдүү жагын көрө билүү. Ошондой эле, башканын кетирген күнөөсүн, катасын кечире билүү, аны сынга алып басынтпоо.

01.11.2016ж.


Баланын коркунучу

%d1%84%d0%be%d0%b1%d0%b8%d1%8fБалдар да, чондор да убакыт-убактысы менен тынчсыздыкты сезип турушат. Бул жанга жагымсыз сезим. Бирок мындай сезимди баштан өткөрүп туруу балдар үчүн кээде пайдалуу дагы. Себеби тынчсыздануу сезими баланы чон адамдык жашоосуна даярдайт, кыйынчылык менен күрөшүү ыкмаларын үйрөтөт.

25.10.2016ж.


Социалдык дезориентация

%d1%81%d0%be%d1%86-%d0%b4%d0%b5%d0%b7%d0%be%d1%80%d0%b8%d0%b5%d0%bd%d1%82%d0%b0%d1%86%d0%b8%d1%8fБаланын социалдык багытынын жоголушу – психологиялык көрүнүш. Бул синдром баланын жашоо шартынын өзгөрүшүнөн улам пайда болот. Бул себептердин бири – мектепке аттануу. Мектепке чейин жалан гана үйдөн сыртка чыкпаган бала үчүн үйдөн чыгуу оор кабыл алынат. Бала бакчага барып жүргөн балдар бул өзгөрүүнү женилирээк кабыл алышат.

18.10.2016ж.


Бала классташтарынын курмандыгы…

%d0%ba%d0%bb%d0%b0%d1%81%d1%81%d1%82%d1%8b%d0%bd-%d0%ba%d1%83%d1%80%d0%bc%d0%b0%d0%bd%d0%b4%d1%8b%d0%b3%d1%8bКез-кези менен көпчүлүк балдар ачуулуу классташтарынын курмандыгы болуп келишет: аларды тээп кетип, түртүп жиберишип, буюмдарын тартып алып жүдөтүшөт. Бирок кээ бир балдар «хулиган» классташтарынын туруктуу курмандыгына айланышат. Батыш өлкөлөрүндө болжол менен 10% балдар ушундай абалда.

11.10.2016ж.


Жаман чөйрө

%d0%b6%d0%b0%d0%bc%d0%b0%d0%bd-%d1%87%d0%be%d0%b9%d1%80%d0%beУбакыт өтө берип, бала бой жетип, ал-күчкө толот. Ошондо ата-эне түшүнө албаган көрүнүштөр башталат: баласы сааттап жоголуп, чондорду алдап, үйдөгүлөр менен сүйлөшкүсү келбей калат. Ойго бир гана нерсе келет – жаман чөйрөгө туш келип калды окшойт.

Эмне кылуу керек? Үйгө камап коюу керекпи? Телефонунан ажыратып коюу керекпи? Интернетти өчүрүп койуп, күйгүзгөн учурда текшерип туруу зарылбы?

04.10.2016ж.


Баланын мектепке бышып жетилиши

%d0%bc%d0%b5%d0%ba%d1%82%d0%b5%d0%bf%d0%ba%d0%b5-%d0%b1%d1%8b%d1%88%d1%8b%d0%bf-%d0%b6%d0%b5%d1%82%d0%b8%d0%bb%d1%83%d1%83Көп ата-энелер баласына окутканды үйрөтүп койсо эле, баланы мектепке даяр деп ойлошот. Бул чын эле ушундайбы? Бир класска окуганды билген, билбеген да балдар чогулду деп элестетиниз. Окуганды билбегендерде жаны нерсени үйрөнүү активдүүлүк менен өнүгө баштайт. Бул учурда окуганды билгендер зеригүүгө дуушар болушат.

27.09.2016ж.


Конокто үй-бүлөлүк дарыгер

%d1%83%d0%b9-%d0%b1%d1%83%d0%bb%d0%be%d0%bb%d1%83%d0%ba-%d0%b4%d0%b0%d1%80%d1%8b%d0%b3%d0%b5%d1%80-%d0%ba%d0%be%d0%bd%d0%be%d0%ba%d1%82%d0%be«Элдик» үй-бүлөлүк медициналык борборунун директору КГМИПиПК нын тез жардам боюнча доценттик курсунун тренери Сыдыкова Жениш Усеналиевна конокто болуп, көптөгөн суроолорго жооп берди. О.э. жаны ачылган «Элдик» үй-бүлөлүк клиникасы жөнүндө кенири маалымат бере кетти.

20.09.2016ж.


6-7 жаштагы кризис

6-7%d0%b6%d0%b0%d1%88%d1%82%d1%8b%d0%bd-%d0%ba%d1%80%d0%b8%d0%b7%d0%b8%d1%81%d0%b8Кризис бардык балдарда дээрлик бирдей мүнөзгө ээ болот: баланын жүрүм-туруму өзгөрөт. Кечээ эле сизди көргөндө чуркап келип кучактап, “жардам берейинчи” деп сурана турган болсо, бүгүнкү күндө бала ачык эле сиз кучактасаныз, жактырбай мурчуйуп түртөт. Эгер сиз: “Эмне болуп кетти?” деп сурай турган болсонуз, суроонуз жоопсуз калат. Анткени ал сиздин эмнени билгиниз келип жатканынызды түшүнө албайт. Тишти жуу, оюнчугун жыйноо, бут кийимин тизүү – кадимки эле күнүмдүк иштер бала үчүн жадатма боло баштайт. Ошондуктан бала аларды атайылап, кежирлик менен байкамаксанга салганга аракет кыла баштайт. Кызыгы, бала так эле ушундай күнүмдүк иштерге каршы көнтөрүш кыла баштайт.

13.09.2016ж.


Оюндан мектепке

Оюндан мектепкеМурунураак балдар жөнөкөй жана ачык эле, ата-энеси аларды китеп сыяктуу оной эле окуп кое алар эле. Бүгүнкү күндүн балдары башкачараак. Керек болсо эн эле сезимтал, байкамчыл ата-энелер да дайыма эле алардын баласы эмнени ойлоп, сезип жатканын сезе биле беришпейт. Балада болсо чондорду киргизүүнү каалабаган өзүнчө ички жашоо пайда болот. Мындай сырдуу жашоо кайдан жана кантип жаралат?

06.09.2016ж.


Бир туугандар арасында атаандашуу

атандашууБир туугандардын арасындагы мамиле көп учурда ата-энелердин жүргүзгөн тарбиялоочу саясатынан көз каранды. Балдардын кайсы бирине көбүрөөк көнүл бурулат, себеби ал үйдөгү жалгыз бала же кыз. Же болбосо, ал башынан кыйынчылык көп өткөргөн үйдүн алсызы. Же тескерисинче, ал үйдөгү ийгиликтүү балдардын бири.

30.08.2016ж.


Баладагы жаман адаттар

баладагы жаман адаттарКылган ишиң кандай болсо, адатың ошого жараша болот. «Адатыңа жараша мүнөзүң калыптанып, жашооң түзүлөт» деген таасын сөз бар. Ошондуктан баладагы жакшы же жаман адат анын келечегине сөзсүз таасир этет. Баланын ар бир кадамын байкап, аны жаман адаттардан коргоп, жакшы адаттарга калыптандыруу — ар бир ата-эненин милдети.

23.08.2016ж.


Уктап жаткан баланын позасы эмне тууралуу кабарлайт?

уктаган балаУктап жаткан баланын позасын карап туруп, анын психологиялык абалын аныктоого болот. Аны кылуу үчүн 2 жаштан жогорку балдардын уктаганына байкоо жүргүзүү керек. Ал эми 2 жашка чейин балдарда физиологиялык шарттуу позалар мүнөздүү.  Керебетте чалкасынан түшүп бейкапар уктап жаткан ымыркайыбыз биздин жүрөгүбүздү эзилтип жиберет. Буттары, кичинекей колдору эки жакка кетип, бейкапар уктап жатат. Кээде колдору жогору көздөй көтөрүлгөн болот. Көрсө, биздин жүрөгүбүздүн эзилип кетишинин себеби бар экен.

16.08.2016ж.


Мен кайдан жаралгам?..

мен кайдан жаралгамБир күнү ичимдеги кичинекей кыймылды сезип калдым, сен кичинекей колун менен өз бөлмөндүн дубалын тыкылдатып: «Апа, мен мындамын», – деп жаткансыдын. «Амансынбы, бөбөк! Апан сенден айлансын», – деп жооп бердим мен. Анан мен сени биринчи жолу көргөнүмдө кандай болорунду элестетип жүрдүм.  Тогуз ай бою ошол кичинекей бөлмөндө жашадын, күн өткөн сайын өсүп жаттын.

09.08.2016ж.


Балдарыбыз жөнүндө кызуу маек

Балдарыбыз жонундо кызуу маек7 баланын апасы конокто болуп, балдар жөнүндө өтө кызуу маек болду жана көптөгөн маанилүү ойлор айтылды.

02.08.2016ж.


Жакшы мектепти кандайча тандай алабыз?

Жакшы мектепти кантип тандайбызАта-энелердин ар бири өз баласынын эн жакшы мектептен билим алышын каалайт. Бирок көп учурда «жакшы мектеп» деген түшүнүктү өзүбүз деле жакшы билбестен, түрдүү нерселерге жетеленип келебиз.

26.07.2016ж.


Чонойгон баланын ата-эненин мойнуна минип алышы

моюнга минген балдарБул көрүнүштү  жашоодон көп кездештиребиз: чон эле адам карып калган ата-энесинин мойнуна минип, туруктуулук менен аларга жармашып жашаганын улантып келет. Алар башкалардын «өз алдынча жашоо кыл: үйлөн, иште, өз жоругундун жоопкерчилигин өзүн ал» деген сунушун кежирлик менен четке кагышат. Мындай адамды башкалар «жалкоо же жатып ичер» деп жаман көрүп келет. Бирок алар…

19.07.2016ж.


Музыканын балага тийгизген таасири

классикалык музыкаКлассикалык музыканын балага тийгизген таасири 20 кылымдын аягында аныкталынган. Амадео Моцарттын чыгармаларын угуу – баланын интеллектине таасир берет. Көп деген изилдөөлөр психологиялык ынгайлуулукту гана жаратпастан, о.э. көнүл коюуну, акыл жана чыгармачылык жөндөмдүүлүктү өнүктүрүп, баланын ички потенциалынын ачылышына жардам берет.

12.07.2016ж.


Баланын тилинин кечендеши

Баланын тилинин кечендешиБаланын тилинин кеч чыгышы тили эрте чыккан балага караганда өнүгүүсү кечендеп жатат дегенди билдирбейт, дээрлик. Изилдөөлөр далилдегендей, тилдин кеч чыгышы келечекте баланын эмоционалдык жана жүрүм-туруму жагынан кеч калышына алып келбейт. Бирок баланын тилинин чыгышы мектеп курагына чейин созула турган болсо, анда бул балага оор психикоэмоционалдык көйгөйлөрдү алып келет.

28.06.2016ж.


Ураа жай!!!

Ураа жай!!!Эс алуу адам баласынын жашоосунун бөлүнгүс бир аймагы болушу керек, анткени адам кайсы бир денгээлде «батарейка» сыяктуу. Тынбай иштеп жүрүп, жашоосунун кайсы бир жерине келгенде, күч кетип, «отуруп» калат.  Эс алууну билбеген адам бат эле өзүндөгү резервди сарптайт. Ал өз денесин эксплуатациялап, анын кайрадан калыбына келишине шарт түзүп бербейт. Ал эми эс алууну билген жана аны туура уюштура ала турган адам көп ишти кылууга жетишет.

21.06.2016ж.


Үй-бүлөлүк менюну кантип түзүү керек?

менюЭгерде сиз бир жумалык сарамжалдуу меню түзгүнүз келсе, эмнеден баштоо керек? Меню үнөмдүү, ошол эле учурда түрдүү болушу керек. Ошентип, бир жумалык менюну түзүү үчүн, жети танкы тамак, жети түшкү тамак жана жети кечки тамак ойлоп табуу керек. Бул меню сизди кожейке катары, кожоюнунузду жана балдарынызды да канааттандыра турган болушу абзел: даамдуу, түрдүү, тоюмдуу, кымбат эмес жана тез даярдала турган. 

14.06.2016ж.


Үй-бүлөдө оорулуу бала болсо…

уйдо оорулуу бала болгондоҮй-бүлөдө оорулуу баланын төрөлүшү ата-эне үчүн оор стресс абалы. Бул маалда үй-бүлө мүчөлөрү аябагандай сезимтал болушуп, баарын жүрөгүнө жакын кабыл ала беришет. Үй-бүлө кризиске учурап, жубайлардын ортосундагы мамиле да өзгөрөт. Бул учур никенин канчалык бекем экендигин текшерүүдөн өткөрө турган чыныгы сыноо болот.

07.06.2016ж.


Азыркы замандын балдары…

Азыркы замандын балдарыСтудиябызга келген коногубуз менен азыркы замандын балдарындагы жана аларды тарбиялоодогу ар кыл ѳзгѳчѳлүктѳр жѳнүндѳ кызуу маек курдук. Ѳтѳ маанилүү сѳздѳр болду… Кызыктар болсонуз, кош келиниз!

31.05.2016ж.


Бактылуу үй-бүлө баланын көз карашында…

бактылуу уй булоБаланын кѳз карашында, дагы башка ѳзгѳчѳ маанилүү нерсе – ата-эненин бала үчүн убакыт таба билүү. Аны менен баарлашуу жана анын иштери менен кызыкдар болуу. Эгер бүгүнкү күндѳ ата-эне ѳз баласы үчүн убакыт таба албаса, эртенки күнү  чонойгондо, баланын ата-энеси үчүн убактысы жок болот. Ага убакыт бѳлѳ билүү деген – учурунда анын кѳздѳрүнѳн муктаждыгын окуп, анын башынан кечирип жаткан кыйынчылыгына жардам берип, сүйлѳшүп, ѳз убагында чечип берүү.

24.05.2016ж.


Девианттык жүрүм-турум

дивианттык журум-турум«Девианттык» деген түшүнүк латын тилинен алынып, «четтеп кетүү» дегенди билдирет. Бул коом тарабынан орнотулган, официалдык түрдѳ бекемделинген жүрүм-турумдун нормасына туура келбеген кѳрүнүш.  Мындай норма коомдук системанын коргоо максатында кабыл алынат.

17.05.2016ж.


Кийимдердеги сүрөттөр жана түрдүү символдор

баланын кийиминдеги суротторАдамдын психикасы үч бѳлүктон турат: ан сезим (сознание), 2-ан-сезим (подсознание), 3-ан-сезим (бессознательное). Биз фильмдерди кѳрүп жатканда ан сезимибиздин гана денгээлинде кабыл алып кѳрѳ тургандай ойлойбуз. Жѳн гана фильм кѳрүп жатам. Бирок эмне үчүн фильм жана андагы образдар мага ушунчалык күчтүү таасир берет? Чынын айтканда актерлердун ойногону же фильмдин ѳзүнүн мазмуну бизди кызыктыра деле бербейт, бирок ошол кѳрүп жатканыбыздан эмне бизге катуу таасир берсе, ошону жакшы эстеп калабыз.

Биз жѳн гана бир нерсени кѳрдүк деп ойлогонубуз менен, чындыгында баары татаал: кѳргѳнүбүз биздин психиканын 2-бѳлүмүндѳ сакталып калат. Кѳп учурда биздин кѳргѳн нерселерибиз биздин жүрүм-турумубузга таасир берип жатканын ѳзүбүз деле байкайбыз.

10.05.2016ж.


Мультфильмдердин балдарга таасири кандай?

мультиктерБул теманы изилдѳѳчүлѳр мультфильмдерди карап чыгып, андагы аялзатына байланыштуу эпизоддорду чогултуп, балдар психологдоруна кѳрсѳтүшкѳн. Психологдор бул эпизоддордон кѳргѳн нерселерине айран-тан калышса, аларга изилдеп бергилечи деп суранган изилдѳѳчүлѳр психологдордун чыгарган жыйынтыгына айран-тан калышты.

03.05.2016ж.


Азыркы замандын балдары

Азыркы замандын балдарыАр бир дени соо бала тѳрѳлгѳндѳ эле кѳп деген мүмкүнчүлүктѳр менен тѳрѳлѳт. Ата-энелердин милдети – баладагы ошол мүмкүнчүлүктѳр менен таланттардын ачылышына жардам берип, шарт түзүп берүү. Учурда тарбия суроосу кризиске учурап турган маалы.

26.04.2016ж.


Технология жана бала

Технология жана балаЭнштейн: “Мен, технология адамдардын жѳнѳкѳй баарлашуусун алмаштырып кала турган күн келет деп корком. Мына ошондо, дүйнѳнү акылсыз муундар толтурат”.

Кѳп ата-энелер учурдагы техниканын баланын ден-соолугуна зыяндуу экендигине ишенишет. Ошого карабастан, ынгайы келген ар учурда алар балдарына дал ушундай мүнѳздѳгү оюнчуктарды сатып беришет.

Учурда жаштар техниканын ѳтѳ тездик менен ѳнүгүп жатканынан улам эн чон азгырыктарга дуушар болушат.

19.04.2016ж.


Карылык эмне үчүн берилет?

Карылык эмне учун берилетАдам баласына карылык курак эмне үчүн бериле тургандыгы жѳнүндѳ бизге келген меймандар менен бирге кызыктуу кеп салдык… Кош келиниз!

12.04.2016ж.

 

 

 


Карылардын кызматы

Карылар кызматыЖашоо – бул кайгы менен кубаныч эриш-аркак жүргѳн узун жол. Бул жолдо кетип бара жатып, ар адам ѳз мүнѳзүнѳ, кѳргѳн тарбиясына жараша ѳзүн түрдүүчѳ кѳргѳзүп, ѳзүнүн артынан түрдүү из калтырат. Бирок ѳз артынан эн сонун из калтыруу адамдын жашоосунун маныздуу болгонунан кабар берет. Албетте, бул абдан оор.

29.03.2016ж.


Карылыкка даярдануу

карылыкка даярдыкЖаш кезде ѳткѳргѳн убакыт карылыгыбыздын кандай ѳтүшүнѳ түздѳн-түз  таасирин тийгизет. Ошондуктан, бүгүн жашообузду кандай ѳткѳрүп жаткандыгыбызга кѳнүл салып карообуз керек. Эгерде бүгүн жашоого кубанганды билбесек, келечекте кубаныч ѳзүнѳн ѳзү пайда болобу? Эгер бүгүн жашоого ыраазы болгонду үйрѳнбѳсѳк, келечекте ыраазычылык ѳзүнѳн ѳзү пайда болмок беле?

22.03.2016ж.


Карылардын тиби…

Карылардын тибиБактылуу карылык – бул шарттарга, абалдарга байланыштуу эмес, бирок ал адамдын карылыкка чейинки жашап ѳткѳн жашоосунун жыйынтыгы.

Дѳѳт пайгамбар: “Карылардын кооздугу – алардын ак саамайында”, — дейт.

15.03.2016ж.


Карылык кайгыбы?

Карылык кайгыбы“Кадимкидей эле түйшүктүү тандардын биринде биздин ооруканага  сексендердеги абышка, колундагы жипти алдыруу үчүн келип калды. Анын ушунчалык шашып жатканын байкадым. Анан ал ѳзүнүн карылдап акырын чыккан үнү менен, шашып жатканын, саат 9 да анын ѳтѳ маанилүү иши бар экендигин айтты.

Мен болсо, башымды чайкадым да, дарыгерлер бош болбогондуктан, отуруп туруусун ѳтүндүм…”

08.03.2016ж.


Карылык качан башталат?

Карылык качан башталатБелгилүү Цицерон аттуу акылман мындай деген: “Карылыкта сактана тургандардын ичинен – жалкоолуктан жана эч нерсе кылбай отуруп калуудан сактануу керек”.

Ооруулардын жана алсыздыктарынын баарын ѳзүнүн жаш курагына байланыштырып жаткандар туура эмес ойлонушат. Биздин душманыбыз – биздин жашыбыз эмес, бирок карылыкка бат эле моюн сунуп калуу.

01.03.2016ж.


Уулумду чыныгы мырза кылам…

УулЭгер ата кадыр-баркка ээ болбосо, «Алма сабагынан алыс түшпѳйт» дегендей, ѳзүнүн эле кѳчүрмѳсүн тарбиялап чыгаары анык. Андай болбош үчүн ата кандай үлгү кѳрсѳтѳ алат?

23.02.2016ж.


Кызуу маек…

Балдарды жазалоо тууралуу кызуу маек«Апалар мектебинин» бул чыгарылышында балдарды жазалоо тууралуу кызуу маек болду. Апалар үчүн ѳтѳ зарыл маалыматтар айтылды, андыктан, кыя ѳтпѳнүз…

16.02.2016ж.


Чагымчыл бала…

Чагымчы балаЭмне үчүн бала ѳзүнүн жоро-жолдоштору тууралуу ата-энесине жамандап айтып келе берет? Себеби, кичинекей баланын ан-сезими али толугу менен калыптанып бүтѳ элек болот. Демек, ал адамдардын кулк-мүнѳзүн, кылган ишинин кайсынысы туура, канчалык денгээлде туура экендигин али ажыратып биле албайт. Ошондуктан, бала чагым аркылуу ѳзүнѳ жакпаган башка баланын кылганынын туура-туура эместигин текшерет.

09.02.2016ж.


Тил албастык — баланын негизги жумушу

тил албастыкБаланын тил албастыгы чон адам тарабынан терс сапат катары кабыл алынат. Кызыгы, бул тил албастыкта биз кѳбүбүз элес ала бербеген жакшы нерсенин башталышы жатат экен. Шоктонуп, заматта бир нерсени жасап жиберген баланы биз тил албас бала катары мүнѳздѳйбүз. Мындай балдар – эркин балдар. Алар башка бирѳѳгѳ, чон адамга, ѳз эркиндигин чектете бербеген балдар. Бул балдардан кѳп учурда таанымал, чыгармачыл адамдар келип чыгарын жашоо далилдеген.

02.02.2016ж.


Деструктивдүү жана конструктивдүү жаза

ДЕстр жана констр жазаТарбиялоодо ѳз баласы менен жакшы таанышпагандык ата-энени кѳп жана коркунучтуу каталарды кетиришине алып келет. Мисалы, ѳз баласынын мүнѳз — ѳзгѳчѳлүгүн жакшы билген ата-эне ага туура жолду таба алат. Ѳз баласын толук түшүнѳ бербеген ата-эне балага күч колдонуп, анын бардык каалоолорун тыйып таштаганга жѳндѳмдүү.

26.01.2016ж.


Балдарга тыюу салып, чектерди коюу…

тыюу салууларЫмыркай жарык дүйнѳгѳ эч нерсе тууралуу маалыматы жок келет. Бирок анын мойнуна кѳп нерсе жүктѳлѳт: адамдар арасында ѳз ордун табуусу керек. Ошондуктан, анын ар бир иш-аракети: кыйкырыгы, ыйы, тентектиги, сѳз сүйлѳгѳнү – баары: “ушундай кылсам болор бекен?” деген анын сындап кѳрүүсү. Ушул себептен ал үчүн чондордун анын иш-аракетине кылган мамилеси ѳтѳ маанилүү. Эгер, анын кайсы бир кылыгын ата-энеси актаса, анда бала ал нерсени туура кылык экен деп кабыл алат. Эгер ата-энеси тыюу салса, анда бул бала үчүн анын бул кылыгына чек койулганын билдирет. Эми балага уруксат берилчү нерсенин чегин кантип кѳрсѳтүү керек?

19.01.2016ж. 


Баланы жазасыз тарбияласа болобу?

p106_35

Байыркы кыргыздардын жашоосун карап келгенде да жазанын түрү тарбия ишинде колдонулуп келгендигин кѳрѳбүз. Ата-эне баласынын алдында, о.э. бала ата-энесинин алдында ѳзгѳчѳ жоопкерчиликке ээ болгон. Атасын же энесин тилдеген баланы капкара ыш менен бетин каралап, кара уйга тетири  отургузуп алып айылды аралатышкан. 12 жашка чейинки баланын уурулугу эл алдында уяткарылган. Ал эми чон балдардын олуттуу туура эмес иштери үчүн ата-энелери жазаланган. Мисалы, кылмышкер баласынын кесилген башын атасынын же энесинин мойнуна илип, 1 жылга чейин аны менен жүрүүгѳ мажбурлашкан.

Ошондой эле туура эмес кылынган иштерди калыбына келтирүү үчүн кун тѳлѳшкѳн. Кун – бул сандагы мал болгон. Мисалы, ачуулук менен кулакты кесип салса, анда ал киши кулаксыз калган кишиге кызын берген же кыздын калынын берген.

12.01.2016ж. 


Жазалоо жөнүндө түшүнүк

Баланы жазалооЖазаны эч качан ѳч алуу үчүн же ачуунду чыгаруу үчүн ишке ашырбоо керек. Жазалоо – бул ѳз бийлигин, күчүн колдонуп, оной-олтон эле ишке ашыра салчу нерсе эмес. Жазалоо – жаш курактык ѳзгѳчѳлүктѳр боюнча билимди, кыраакылыкты жана сабаттуулукту талап кылган процесс. Ошондуктан, жаза – тарбиялоонун башка ыкмалары (мактоо, сүйүү кѳрсѳтүү, колдоо) менен чогуу комплекстүү түрдѳ гана колдонулуучу ыкма.

05.01.2016ж.


Балдарыбыз ар түрдүү

Балдарыбыз ар турдуу...«Апалар мектеби» уктуруусунда мейманда болгон психолог Кымбат Исабекова менен балдардын ар кырдуулугу жѳнүндѳ маектештик.

29.12.2015ж.


Балада комплекстердин пайда болушу…

КомплексАдамдагы комплекстер бала чагында пайда болот. Бала ак барактай таза кезинде, чондор эмне деп айтса, ошого ишенип, чон адамдардын сѳзүн чындык деп кабыл алат эмеспи. Ушул убакта балага карата чондордун айткан ар бир негативдүү сѳзү баланын ан сезиминен орун алат. Бала ылгаганды билбегендиктен кандай гана маалымат болбосун ѳзүнѳ синирип ала берет да, анда ѳзү туралуу туура эмес түшүнүктѳр пайда боло баштайт.

22.12.2015ж.


Экстраверт бала

ЭкстравертБул мүнѳздѳгү баласы бар ата-энеге ѳзгѳчѳ бир чыдамкайлуулук керек. Эгер интроверт бала – ѳзү менен ѳзү болгон, элге кѳп аралашууну жактыра бербеген жана жалгыздыктан күч алган бала болсо, экстраверт балдар анын карама-каршысы. Экстраверттер – сүйлѳгѳндү жактыргандар. Болгону алардын мындай сүйлѳѳкчүлдүгүн – майдачыл же үстүртѳн деп талкуулап койбоо керек.

15.12.2015ж.


Интроверт бала

интроверт балаИнтроверт балдарды кѳп адамдар, керек болсо алардын ата-энеси ѳзү да түшүнѳ алышпайт. Ѳздѳрүнүн ички дүйнѳсү менен жашап, бул балдар кѳбүнчѳ четте эле калышат. Кѳптѳр менен достошо албаган, түнт балдар катары кабыл алынат. Ата-энелери мындай балдарды бактысыз жана абалга кѳп ылайыкташа албаган балдар деп ойлошот. Бирок чындык такыр башкача…

08.12.2015ж.


Пессимист бала жана ага жардам берүү жолу

пессимист балаПессимизм – латын тилиндеги “эн жаман” деген сѳздѳн алынган. Пессимист адам жашоодон кубаныч алып жашагандын ордуна, кѳп жаман нерселерди кѳрѳт.

Адистер пессимист бала менен оптимист баланын жашоону кандайча кабыл аларын текшерип кѳрүшкѳн. Эки бѳлмѳнүн бирѳѳсүнүн ичин түрдүү оюнчуктарга, секиргичке толтуруп, ал жакка пессимист баланы киргизишкен. Ал эми башка бѳлмѳгѳ аттын кыгын жая салышып туруп, оптимист баланы киргизкен. Белгилүү бир убакыттан кийин балдарды бѳлмѳдѳн чыгарышкан.

01.12.2015ж. 


Кантип баланы оптимист кылып тарбияласа болот?

оптимист балаОптимист адам – ѳзүнѳ ѳзү ишенген адам. Мындай адам жашоодо коркпой алдыга жылат, анткени ал кандай гана кыйынчылык болбосун, баары убактылуу гана нерсе экендигин түшүнѳт. Аларды женсе болот деп ишенет. Кыйынчылыкты жениш үчүн эмне керек болсо – бул адамдын ѳзүнѳ карата болгон ишеними гана. Ошондуктан, баланы оптимист адам кылып ѳстүрүү ѳтѳ маанилүү.

24.11.2015ж.


Студенттин окууга карата болгон кызыгуусунун төмөндөшүнүн себеби эмнеде?

СтудентСтуденттик жашоонун кайсы бир этабында окууга карата болгон кызыгуунун тѳмѳндѳшү болот. Керек болсо, студент кесипти ѳзү тандап, кайсы окуу жайда окуурун да ѳзү тандаган болсо. Окууга карата болгон кызыкчылыктын жоголушунун себептери тѳмѳнкүлѳр болушу ыктымал…

17.11.2015ж. 


Сүрөт терапиясы

Сурот терапиясыСүрѳт терапия – бул баланы сүрѳт тартууга үйрѳтүү эмес. Бул балага ѳзүнүн кѳз карашын, түшүнүгүн, кѳйгѳйүн чагылдырганга эркиндик берүү. Балага эмнени тартууну ѳзү чечкенге мүмкүнчүлүк берүү керек. Бала сүрѳт тартып жатканда чон адам эч качан кийлигишпеши керек. Бала ѳз каалаганын ѳзү каалагандай боёктор менен тартат. Мындай сүрѳт тартууда чон адам балага “Булганасын, полго тамызба” — деген сымал сѳздѳрдү да айтып чектебѳѳсү керек. Бала сүрѳтүн тартып бүткѳн сон, анын сүрѳтүн карап туруп адис белгилүү бир жыйынтыкты чыгарат. Муну ата-эне ѳзү деле ички туюмдун жардамы менен байкаса болот.

10.11.2015ж.


Жанды жомок менен дарылоо. Жомок — терапия.

Жомок терапиясыЖомок терапия деген эмне? Бул адамга жардам берүүнүн байыркы ыкмаларынын бири. Бабаларыбыздын адамды тарбиялоодо колдонуп келген ыкмаларынын бири — бул шыр эле жазалабастан, ар кандай үлгүлүү ангемелерди айтып, насаат айтуу менен адамдын кылган ишинин канчалык туура эмес экендигин кѳрсѳтүп берүү болгон.

03.11.2015ж.


Эненин сүйүүсү менен дарылоо

Апа-терапияЖарык дүйнѳгѳ келгенден тарта, баланын жашоосу бүтүндѳй ѳзгѳрѳт. Ал кыйынчылык менен ѳз алдынча күрѳшүүгѳ үйрѳнѳт. Ошентсе да, баланын жашоосунда узак жылдар бою, бала коргонучту, таянууну баягы эле энесинен – анын мээримдүү кѳздѳрүнѳн, мээнеткеч колдорунан, жагымдуу үнүнѳн издеп келет. Эгерде энедеги ушул касиеттерди туура колдонсо, табият тарабынан эне менен баланын ортосуна салынган тыгыз байланышты ар кандай жол менен бузбаса, анда эне баланын ден-соолугуна, жан-дүйнѳсүнүн абалына, ѳнүгүүсүнѳ ѳзгѳчѳ таасир берүүчү жан болуп саналат.

27.10.2015ж.


Кум менен дарылоо

Кум терапиясыБалдардын гана эмес, чондордун да психологиялык жаракаттарын айыктырууга кѳмѳктѳш болгон эн эле ойго келбеген жаратылыш материалы — бул кум. Кум менен ойноо — бул байыртадан кылым арытып жашап келген оюн. Кум укмуштуудай керемет, бир эле учурда кѳп нерсени адамга тартуулай ала турган жаратылыштын бизге белеги.

20.10.2015ж.


Мугалим менен кызуу маек

Мугалим менен кызуу маек...

13.10.2015ж.


Өткөөл курактын өзгөчөлүктөрү

откол куракФранцуз этнографы жана тарыхчысы Ф. Ариес ѳткѳѳл курак тууралуу маалыматтар алгачкы жолу тарых барактарында 19-20 кк. пайда болгондугун айтат. Бул куракты камтыган маал да ар кылымда ар кандай мѳѳнѳткѳ созулган. Учурда ѳспүрүм курак деп аталган ѳзгѳчѳ ѳнүгүү  11-20 жашка чейин деп эсептелинип, 10 жылга созулат деген ой бар. Ѳспүрүм курактын башталышы, ѳтүшү жана созулуу мѳѳнѳтү коомдун абалы, ѳнүгүүсү денгээли менен тыгыз байланышта экендигин П.П.Блонский (орус психологу жана философу) айтып ѳткѳн.

06.10.2015ж.


Бала эмне үчүн мектептен коркот?

бала эмне учун мектептен коркотМектептен корккон да балдар бар. Кичине гана балдар эмес, бирок чон эле балдар да мектептен коркуп келишет. Мектеп коркунучу менен жашаган балдарга жардам берсе болот.  Бул жумуш баланын ички жан-дүйнѳсү менен иштешкен адам менен аны тарбиялап жаткан адамдын чогуу иштешин талап кылат.

Мектептен коркуу кѳйгѳйүн ата-энелер ѳз алдыларынча чечүүгѳ аракеттенишет: баланы “мектептен коркпо, сен чон баласын да” деп сооротуп келишет. Кээде аларды урушуп, коркутуп, күчкѳ салып мектепке жетелеп барышат.

29.09.2015ж.


Класстагы түртүндү бала…

класстагы туртунду балаѲспүрүм куракка чейин баланын класстагы кабыл алынуусу 90% мугалимдин ага кылган мамилесине байланыштуу болот. Ошондуктан, баланын классташтары менен болгон кѳйгѳйдү мугалим ал бала ѳзүнѳ жагарын кѳрсѳтүү менен, башкаларга белги берип, оной эле чечип кое алат. Мугалим бул бала кайсы-бир нерсени башка окуучуларга караганда эн жакшы кыларын айтып туруп, балага карата классташтарынын кабыл алуусун ѳзгѳртүп кое алат.

22.09.2015ж.


Бала — класстын клоуну

Бала - класстын клоунуАр бир класста башкаларды күлдүрүп, кѳнүлүн ачуу үчүн алек болгон бала болбой койбойт. Мындай бала жаны келген тажрыйбасы аз мугалим үчүн чыныгы сыноо болот. Ошондуктан, бүгүнкү берүү ушундай типтеги балдар менен мугалимдер кантип иштешсе болору тууралуу кенеш бергибиз келип турат.

15.09.2015ж.


Мугалимдин балага мамилеси

мугалим менен баланын мамилесиБаланы ѳз алдынчалыкка үйрѳтүү – эн жакшы иш. Болгону аны балага үйрѳтүп жатып, мамиледеги “дипломатиялык” жѳндѳмдүүлүктү кошо үйрѳтүү керек. Баланы кѳйгѳй учурунда ѳзүн кармай билгенге, андан чыгуунун туура жолун ойлоно билгенге үйрѳтүү абзел. Баланын жашоосунда кездеше турган кѳйгѳйлѳрдүн бири — бул мугалим менен тил табыша албастык. Эгерде сиздин баланыздын жашоосунан ушул кѳйгѳйдү байкап жүргѳн болсонуз, анда сѳзсүз абалга кийлигишиниз. Албетте, ата-эне баланы ар бир эле кыйын учурдан коргоп-сактап жүрѳ албайт, бирок алардын милдети – кѳйгѳйдүн себебин, нюанстарын түшүнүүгѳ балага жардам берип, балага мугалим менен болгон мамилени ондоого жол кѳрсѳтүү.

08.09.2015ж.


Мугалимдер менен ата-энелердин бала тарбиялоодо кечирилгис каталары

мугалим менен ата-энелердин каталарыБүгүнкү тема:

  • балага карата чондор кандай мамиле кылары тууралуу олуттуу ойлоном;
  • балдарга (ѳзүнүздүн, коншу балага, кокусунан жолуккан балага, сизге тапшырылган балага) карата мамилесине чон адам катары бир аз да болсо ѳзгѳртүү киргизем деген адамдарга арналат.

01.09.2015ж.


Балдарыбызды сүйүү менен тарбиялайлы

25.08.2015ж.балдар суйуу менен тарб


Баланын коркунучу

Баланын коркунучуКээде чондор айлана-чѳйрѳнү, жашоону ушунчалык терс сүрѳттѳп берип отуруп, балада туура эмес коркунучтун – фобиянын жаралышына ѳзүбүз себепчи болобуз. Ошондуктан, кээ бир балдар башкаларга караганда кѳбүрѳѳк коркок келишет. Баланын коркок болуп калышына биз айтып ѳткѳн учурдан башка да себептер бар…

18.08.2015ж.


Эгер бала агрессивдүү оюндарды ойносо…

агрессивдуу оюндарБүгүнкү күндо зордук-зомбулук чагылдырылган оюндар ѳтѳ кѳп. Албетте, бул нерсе ата-энелердин жана педагогдордун тынчын алат. Анын себеби, зомбулук күчѳп жаткан коомдун ѳзүндѳ. Кѳп мисал келтирүүнүн деле кажети жок, бирѳѳнү гана алып карайлы: эгер телевизорду күйгүзүп алып, жарым саатка тиктеп отурсаныз, андагы тасмалардын, берүүлѳрдүн кѳбүндѳ зомбулук темасы кѳтѳрүлүп жатканын түшүнүү оной эле. Ал жерде ѳлтүрүү, уурдоо, бирѳѳнү келекелѳѳ, зордоо, терроризм, басынтуу, кырсыктар ж.б.

11.08.2015ж.


Баладагы агрессия

Баланын агрессиясы“Агрессия” деген сѳздү дайыма эле түшүнѳ бербейбиз жана ал ѳзүнүн чыныгы маанисинде колдонулбайт. Кѳп учурда, агрессор адам – бул кол салууга дайым даяр ачуулуу адам деп түшүнѳбүз. Чынындыгында агрессия – бул сезим эмес. Агрессия – бул жүрүм-турум. Ал адамга эн эле кичине кезинде салынат. М., кош бойлуу айымдарды элестетип кѳрѳлү. Бирѳѳсү курсагын тынымсыз тепкилеп жаткан ымыркайга: “Тепкилегенинди токтот! Жадаттын. Эртерээк тѳрѳсѳм болот эле”, — деген сѳздү айтса, башка айым дал эле ушул учурда, курсагын сылап:  “Ии, тепкилеп жатканын кара, аябай тын бала окшойт! Эртерээк кѳрсѳм го, ии жаным десе!”, — деп айтат.

04.08.2015ж.


Баланын уялчаактыгы жакшыбы же жаманбы?

Баланын уялчаактыгыБул суроого жооп берүү үчүн күнүмдүк жашоодон алынган мисалдарга кайрылалы. Кѳп учурда уялчаак балдарды ѳзү тендүү балдар кордошуп, шылдындашып, күлүшүп, кээде бѳлүп да коюшат. Ушунун айынан уялчаак, тартынчаак балдар үчүн мектепке баруу ѳтѳ оор сыноого айланат. Мектепке барбоо үчүн алар ар кандай себептерди ойлоп табышат.

28.07.2015ж.


Практикалык бөлүм июль

практикалык болум июль“Апалар мектебине” келген психолог-консультант, “Сүйүү булагы” демилге борборунда окутуучу, андан сырткары “Сүйүү колдору” аттуу аялдардын кризистик борборунда апалар жана алардын балдары менен иштешип келген Исабекова Кымбат менен болгон кызыктуу маекке ортоктош болунуз…

21.07.2015ж.


Бала зериккенде алаксытуунун жолдору

Бала зериккенде алаксытуунун жолдоруМен баламды ээрчитип алып бир жакка баруудан да коркуп калдым. Ал коомдук жайларда адамды уят кылат. Кезекте турсан, транспорт ичинде, жумушумда – уулуп эле турат, кыйкырат, адамдарга асылып жандарын да койбойт. Түшүнүп турам, мунун баарын ал зеригип жаткандыктан кылып жатканын, бирок бул адаты калар бекен? Азырынча анын чоноюшу менен кыялынын күчѳп жатканын гана кѳрүп жатам…

14.07.2015ж.


Баланын мүнөзү: генденби, чөйрөдөнбү же тарбияданбы?

Баланын мунозуАдамдын инсан катары калыптанышы – бул белгилүү бир учурда токтоп кала турган нерсе эмес, ал ѳмүрүнүн аягына чейин улана турган процесс. Анан калыптанышына таасир берүүчү себептер да ар түрдүүчѳ каралат. Кээ бирѳѳлѳр адамдын инсандык мүнѳзүнүн калыптанышына генден ѳткѳн сапаттар жана жѳндѳмдүүлүктѳр таасирин тийгизет, ал эми чѳйрѳнүн таасири аз деп эсептешсе, башка кѳз караштагылар чѳйрѳнүн таасиринин чон экендигин айтышат. Мындай кайчы пикирге карабай, бардык психологиялык окутуулар бир нерседе бир ооздон мындай деп ынандырышат: адамдын инсан катары калыптанышы бала чагынан башталып, ѳмүрү ѳткүчѳ созулат.

07.07.2015ж.


Бала менен болгон келишпестикте ата-энелердин кетирген жети катасы

Ата-энелер кетирген каталар 1Бала менен ата-энелердин ортосунда келишпестиктер болуп турары жашыруун деле сыр эмес. Келишпестик деген нерсе – жашоонун ажырагыс бѳлүгү. Негизгиси, анын болуп турарын мойунга алуу менен, аны туура чечүүнүн жолдорун ѳздѳштүрүү керек. Келишпестик, кѳйгѳйлѳрдү туура чечүүдѳн ортодогу мамилердин канчалык бекем болору же алсыраары кѳз каранды. Мына ушул эле нерседен ортодогу сыйдын сакталып калышы же жоголушу кѳз каранды. Ошондуктан, келишпестикти чечүүнүн туура жолдорун үйрѳнѳлү. Ал эми аны үйрѳнүү үчүн ѳзүбүздүн кетирип жаткан каталарыбызды түшүнүүдѳн баштоо керек.

30.06.2015ж.


Баланы өз алдынча болууга үйрөтүү

Баланы оз алдынча болууга уйротууКѳп учурда баланы ѳз алдынчалыкка үйрѳтүү түйшүктү кѳбѳйткѳндүктѳн, биз баланын ѳзүнүн аракеттенишине жол бербей, ѳзүбүз кыла калабыз. Мисалы, балага кашыкты карматып туруп, ѳзү тамак жешине мүмкүнчүлүк бергендин ордуна биз ѳзүбүз тамак бере калабыз. Балабыз менен баш катырып математика сабагын түшүндүрүп отуруунун ордуна ал үчүн сабакты ѳзүбүз кыла алабыз. Эгерде ушундай жүрүм-турум адатка айлана турган болсо, анда балабыз 25 жашка чыккандан сон биздин мойнубузга отуруп жатса, анда тан калбашыбыз керек болот.

23.06.2015ж.


Баланы ирээттүүлүккө үйрөтүү

Күндѳрдүн биринде мен ѳзүмдүн жолдоБаланы ирээттуулукко уйротолуш кызымдын баласынын бѳлмѳсүнѳ кирип барып, чачым тик туруп кетти: ар кайсы жерде кир кийимдери жатат, жуулбаган байпактар керебеттин алдында да, компьютер турган столдун кычыгында да тыгылган. Столдун үстүндѳ болсо бош банкалар жана момпосуйлардын, попкорндун жана чипсылардын пакеттери. Керебеттин алдында байпактардан тышы ѳтѳ кир болуп кеткен бет сүргү…

16.06.2015ж.


Балага чынчылдыкты үйрөтүү

Баланы чынчылдыкка уйротууЖашоодо чынчыл болгула, анткени балдарыӊардын канчалык чынчыл болоору силердин чынчылдыгыӊардын денгээлине кѳз каранды. Балдар керели кечке айтылган курулай сѳзгѳ караганда, жашоодон алынган жѳнѳкѳй иштерден бат таасирленишет.

Мисалы, балаӊызды ээрчитип алып базарга келдиӊиз. Сатып алган жемиштериӊизден кийин, карыган апа сизге акча кайрып берди. Кайрылган акча сизге берилиш керек болгон акчадан кѳбүрѳѳк болуп чыкты. Аны жаныӊызда турган, санаганды билген балаӊыз да кѳрүп турду. Сиз мындай учурда эмне кылмак элеӊиз?

09.06.2015ж.


Балада жоопкерчилик сезимин калыптандыруу 

Баланы жоопкерчиликке уйротууБалада жоопкерчилик сезимин канчалык эрте ѳнүктүрсѳ, ал ошончолук жашоодогу маанилүү нерселерди тез ѳздѳштүрѳт. Ѳкүнүчтүүсү, бардык эле ата-энелер балада жоопкерчилик сезимин ѳнүктүрүүгѳ умтула беришпейт да, келечекте бала эч нерсе кылгысы келбей кыйшандаса, таӊ калып келишет. Андан калса, ѳспүрүм баласынын бир нерсеге умтулбагандыгы аларды кайгыртат.

Мына ушул нерсе болбошу үчүн, баланы кичине кезинен тартып эле жоопкерчилик деген сезим менен тааныштыруу керек.

05.06.2015ж.


Балдарды эмнелерге үйрөтүү керек?

балдарды эмнелерге уйротуу керекКѳп ата-энелер балдарынын акылдуу болушун энсешет, ошондуктан алар балдарынын интеллектуалдык жактан акылдуу болушун каалашат. Ушул каалоого жетеленүү менен, алар балдарынын кебин, кѳнүл кое билүүсүн, эске тутуусун ѳнүктүрүүнү эмес, бирок жазганды, окуганды жана тилдерди үйрѳнүп жакшы билип алышын каалашат.

Кээде ата-эне баласынын ушул тарабын ѳнүктүрүү менен ушунчалык алек болгондуктан, баланын ѳзү жѳнүндѳ унутта калтырышат. Ал денелик жана моралдык жактан кандай калыптанып жатат? Тили так чыктыбы? Түш кѳрүүсү кандай? Кайсы ишти кылганды жаман кѳрѳт?

Баланын ѳнүгүүсундѳ ата-эне кѳӊүл бѳлбѳй койсо боло турган кымындай да нерсе жок. 

02.06.2015ж.


Мейманда апалар

Бул уктуруубузда, студиябыздын тѳМейманда апаларрүн апалар кѳркүнѳ чыгарды. Албетте, кызыктуу маек да ѳкүм сурду.  Мындай кызыктуу баарлашуудан сѳзсүз керектүү жана пайдалуу маалымат ала аласыз.

29.05.2015ж.


Маслоунун пирамидасы

Маслоунун пирамидасыМаслоунун таблицасы боюнча адамдын муктаждыгын аныктоо жана жашоого колдонуу.

Маслоу Абрахам – америкалык психолог. Бул психолог адам муктаждыктарын изилдеп чыгып, аларды маанилүүлүгүнѳ жараша пирамида формасында жайгаштырып калтырып кеткен.  Ошондуктан  психологияда “Маслоунун пирамидасы” деген түшүнүк калган. Бул пирамидада адам муктаждыгы иерархиялык тартипте жайгаштырылган. Бирок окумуштуунун айтып кеткени боюнча бул тартип адамдын жеке ѳзгѳчѳлүгүнѳ жараша оруну алмашып калышы мүмкүн.

26.05.2015ж.


Баланы темпераментине ылайык тарбиялоо

Кээде биз балабыздын ѳтѳ жай экендигин ктемпераментыарап отуруп ушунчалык ачууланабыз. Кээде болсо, бизди сѳзүбүздү айтып бүтѳ электе эле жарымын угуп, жарымын укпай сыртты кѳздѳй шашып чуркаган балабыз ачуулантат. Ал эми кээ бирде болсо болор-болбос нерсеге кѳз жаш тѳккѳндѳрчү! Ал эми кээ бир балдарыбыз канча кыйкырып жатканыбызга карабай үн катпай тура бергендиктен, айлаӊ кетет… Мунун сыры эмнеде?

22.05.2015ж.


Кучактоо

кучактооБайыртадан эле кучактоо эмоционалдык сүйүүнү билдирүүнүн бир ыкмасы катары белгилүү. Кичинекей балдарды изилдѳѳ аймагында тѳмѳнкүлѳр маалым болгон: дайыма ѳѳп, кучактап, колго кѳтѳрүп жүргѳн кичинекей балдар мындай мамиледен кѳп убакытка ажырап калган балдарга караганда эмоционалдык жактан алда канча чыӊ болушкан. Баланы сылап-сыйпоо менен эркелетүү жаӊы идея эмес.

15.05.2015ж.


Сүйүү тили — убакыт

Сүйүү тили убакыт болгон адамдар убакытүчүн эӊ негизги нерсе – бул бирге болуу. Ал эми бир болуу деген, демек, чогуу убакыт ѳткѳрүү. Ал эми чогуу убакыт ѳткѳрүү, демек, башка бирѳѳгѳ кѳӊүлүӊдү толук арноо: телевизорду ѳчүрүп, бири-бириӊерге карап алып, бири-бириӊерге кунт коюу менен маектешүү. Кѳӊүлдүн баарын сүйлѳшүп жаткан адамына буруу. Убакыт бѳлүү, демек, чогуу сейилге чыгуу, чогуу тамактануу, бетме-бет отуруп алып баарлашуу.

12.05.2015ж.


Жардам — сүйүү тили 

жардамЖардам берүү – демек, башка адам үчүн бир нерсе кылып берүү. Жубайыӊызга жардам берип жатып сиз ага жагууну ойлойсуз, сүйүүӊүздү билдиресиз.

Башка бирѳѳнүн сүйүү тилин ѳздѳштүрүү үчүн сиз ѳзүӊүздүн катып калган кѳз карашыӊызды ѳзгѳртүшүӊүз керек болот. “Уядан кѳргѳнүӊүздү”, эгер ал пайдалуу болбосо, кылбашыӊыз керек болот. Эгер биздин жубайыбыздын сүйүү тили бизден чоӊ нерсени талап кылып жатса, анда биз ѳзгѳрүүгѳ даяр болушубуз керек.

08.05.2015ж.


Мактоо сөздөрү

Белгилүү жазуучу Марк Твен мындаМактоо создоруй деп айткан экен: «Жакшы сѳз менен мен эки ай жашай алам». Эгерде ушул ченемде санай келсек, анда бул жазуучунун сүйүү идишинин дайыма толук болушу үчүн жылына алты гана жакшы сѳз укса толук жетиштүү болмок экен. Албетте, бул нерсе ар кимге ар кандай ѳлчѳмдѳ керек.

Сүйүүнү кѳрсѳтүүнүн дагы бир жолу бири-бирибизди жакшы сѳздѳр менен колдоо экен. Сулайман пайгамбар «Ѳлүм жана ѳмүр – тилдин бийлигинде» деген экен. Бул уктуруубуздан сѳздѳ кандай күч жатарын билип алсаӊыз болот.

05.05.2015ж.


Балдарды эмгекке үйрөтүү

балдарды эмгекке уйротууМына окуу жылы да аяктап бара жатат. Кѳп ѳтпѳй эле балдарда бош убакыт кѳбѳйѳт. Каникулдун биринчи айы жалаӊ гана эс алууга арналышы керек болсо, калган эки айы менен эмне кылуу керек? Баарыбыз сезип тургандай, баланын 60 күнү жѳпжѳн эле бекерчилик менен ѳтүп кеткени жакшы эмес. Жайында баланы кай жакка жумушка орноштурса болоор экен?-деген ой кѳп ата-энелерди түйшѳлтѳт болуш керек. Албетте, бул суроодо ийгиликке жетүү балаӊыз канчалык эмгекчил экендигине кѳз каранды. Дегеле, сиз кандай деп ойлойсуз, угарман? Баланы эмгекке үйрѳтүү керекпи? Дегеле адам эмне үчүн эмгектениши керек?

01.05.2015ж.


Балдардын бөлмөсүн жасалгалоо

Ѳз баласына ѳзүнчѳ бѳлмѳ бѳлүштүрүп, балдардын болмосун жасалгалооаны кооздоп, ыӊгайлуу жайгаштырганды каалабаган ата-эне жок болуш керек. Биздин убакта балдарына ѳз бѳлмѳсүн камдап, бѳлүштүрүп койгондор аз эмес. Бул учурдагы ата-энелердин сүйүктүү ишине да айланып калды десек жаӊылышпайбыз. Анда эмесе, бул уктурууда сизге бир нече сунуш айтылат, кулак салып кѳрүӊүз.

28.04.2015ж.


Балдардын сүрөт тартуусу

сурот тартууКѳпчүлүгүбүз балдарыбыздын сурѳт тартышын каалайбыз, анткени анын баланын ѳнүгүүсүнѳ кандайдыр бир таасири бар экендигин сезип турабыз. Бирок анын кандайча жана кайсы сферага таасир берерин так түшүнѳ бербейбиз. Ошентсе да, ѳзүбүз аягына чейин түшүнѳ бербесек да, балабызды сүрѳт тартууга шыктандырып жатып, биз эӊ сонун ишти кылып жатабыз. Анткени сүрѳт тартуунун баланын ѳнүгүүсүнѳ тийгизген таасири, мейли ал сүрѳтчү болуп кетпесе да,  чынында эле зор.                                                

24.04.2015ж.


 Үй-бүлө менен эс алуу

Кыргыздардын кѳбү тыныгууну биуй-було менен эс алуулбегендерге киребиз. Жаш курактын баары жалан түйшүк менен ѳткѳндүктѳн, карылыгыбызда жалан оору менен ѳткѳрѳбүз. Аялзаты орто жаштан ѳтүп эле «белим» деп калат. Карыганда таптакыр бүкчүйүп калабыз. Мындай болбошу үчүн, ар бир адам, ѳз денелик мүмкүнчүлүгүнѳн ашыра иш кылып, организмди керектүү күчтѳн эрте эле ажыратпастан, ѳз убагында ага тыныгуу берсек, жашообуз алда канча сапаттуураак болмок. Эс алуу учурлары бир гана дененин гана эмес, бирок психиканын, жан-дүйнѳнүн кайрадан калыбына келишине жардам берет. Бирок албетте, эс алуу да туура уюштурулуп, чегинен ашып кетпѳѳ керек. Тѳмѳндѳгү уктуруубузда балдар менен эс алууну кандай ѳткѳрсѳ болоору тууралуу кеп курабыз.

21.04.2015ж.


 Начар үй-бүлөдөгү балдар

бактысыз балдарНачар үй-бүлѳдѳ чоӊоюп жаткан балдарыбыздан келечекте кандай инсандар жаралат? Дегеле үйдѳ жагымдуу атмосфера түзүү ата-эненин милдети экенин унутуп калган жокпузбу? Келиӊиз, бул уктурууну угуп жатып, ар бирибиз жеке ѳзүбүздү талдап чыгалы.  

17.04.2015ж.


Апасыз балдарды тарбиялоо

Акыркы убактарда жалгыз бой апалар апасыз балдаргана эмес, коомубузда жалгыз бой аталар да кѳп кездешет. Эми апасыз үй-бүлѳдѳ жалгыз ата балага кантип туура тарбия бере алат?

14.04.2015ж.


Жалгыз бой энелер

жалгыз бой апалар 2Баланы жалгыз тарбиялап жаткан эне күйөөсү бар аялдарга караганда тарбия процессин эки эсе оор кабыл алат. Бул аялда ар кандай сактануулар ойду көбүрөөк ээлейт (баланы эркелетип албасам экен, жаман жакка бурулуп кетпесе экен деген). Алар үчүн чынында эле оор, анткени эненин да, атанын да ролу алардын ийнине жүктөлөт. Бирок, бала тарабынан эненин “ата” ордундагы ролу менен, атанын чыныгы ролу башкача кабыл алынат. Бул тууралуу кенен маалымат алгыӊыз келсе, уктуруубузга кош келиӊиз.

10.04.2015ж.


Баладагы куулук

Кай бирөөлөрдүн айтуусуна караганда абаланын куулугу.дамдар куулукту баалай билишпейт. Ал эми башкалардын айтуусу боюнча, керектүү учурда куулукту  колдоно да билиш керек экен. Бирок, көпчүлүк куулукту аморалдык иш-аракет деп билет. Чынында кандай болду экен? “Апалар мектеби” уктуруусунда баладагы куулук жөнундө сөз кылдык. Кош келиӊиз.

31.03.2015ж.


 Балдарыбыздын калп айтуусу

Балдарыбыздын калп айтуусуна көп учурда, атаБалдардын калп айтуусу-энелер өзүбүз түрткү болот экенбиз? Кандайча деп турасызбы? Төмөнкү «Апалар мектеби» уктуруусунан, бул сурооӊузга жооп таба аласыз.

27.03.2015ж.


Клептомания

Клептомания – Адам жеӊе алгыс уурКлептоманиядап алуу каалоосун канааттандыруу муктаждыгы. Ал адамдагы патологиялык жүрүм-турум. Баланын уурулугуна ата-эне ар кандай мамиле кылат: же баланы тыйууга, анын адатын токтотууга аракет кылышат, же балага уурдаганга жардам беришет. Баланын мындай адатына карата болгон эӊ туура мамиле – бул балага чынчылдык, ак эмгек менен табуу жолун жана анын маанисин түшүндүрүп берүү.

24.03.2015ж.


 Баламдын үй тапшырмасы – менин да тапшырмам

185

 

Балдарыӊыз үчүн үй тапшырмасын аткарбаӊыз! Ата-эне баласы үчүн тапшырманы аткарса, балада ѳзүм тапшырманы туура жана тыкан аткарганга жөндөмсүзмүн деген ой туулат. Аларда мындай ой жаралбаш үчүн кантип жардам бере алабыз?


Өз баламды тааныбай калдым…

Жоош, элпек балаӊ бир күнү эле тентек, кежир, тил албас балага подростокайланып калды. Муну түшүнө албаган ата-эне адатта эмне кылат? Кандай каталарды кетирет? Бул тууралуу билгиӊиз келеби? Анда, бул уктуруубуз сиз үчүн!


 Төрөттөн кийин…

mom-newborn

Аялзаты төрөттѳн кийин сөзсүз түрдө 40 күн тынышы керек деген эреже бар элибизде? Бул эрежени сөзсүз түрдө сактоо керекпи? Жаӊы төрөгөн аялга өмүрлүк жарынан кандай жардамдар талап кылынат?


Үйдө ким кожоюн?

Жаш жубайлардын жашоосунда наристе жарык дүйнөгө келгенде, 12үйүндө бардыгын башкарган «падыша» пайда болду десек болот. Буга чейин үйдө эркек кожоюн болсо, бала төрөлгөндө жаӊы «кожоюн» келип калгандай. Анан «Үйдѳ ким кожоюн?» деген суроо туулат.


Эркек баланы тарбиялоодогу өзгөчөлүктөр

vospitaniye_malchikov«Кызым менен мынчалык кыйналган эмес болчумун. Уулду тарбиялаш кыйыныраак экен…» деп калган апаларды угуп калабыз. Бул уктурууда эркек баланы тарбиялоодогу өзгөчөлүктөр тууралуу сүйлөшөбүз. Кош келиңиз! 


Бала жана анын туугандары тарабынан көрсөтүлгөн денелик жана психологиялык зордук-зомбулук

Көбүнчө адамдарда бала жана ага скачанные файлы (1)көрсөтүлган зордук-зомбулуктар тууралуу жанылыш ойлор жашайт: көбүбүз бул зордук-зомбулуктар бейтааныш, чоочун адамдар тарабынан көрсөтүлөт деп ишенебиз. Ошондуктан, коопсуздук тууралуу айтканда сөзсүз «чоочун адамга жолобо да, суйлөбө» деп уйрөтүш керек деп ойлойбуз. Албетте, бул да туура. Бирок, ушул түшүнүктүн торунда калып, бала үчүн эн коркунучтуу болгон адамдар алардын жанында эле жүрөөрүн эске таптакыр албай калышыбыз мумкун. Эн кайгылуусу, балдардын үстүнөн көрсөтүлгөн сексуалдык зомбулук баланын өзүнө тааныш жакындары тарабынан болот. Ал адамдар баланын өзүнүн эле туугандары болот. 30% өз байкеси, атасы, тайкеси же алысыраак тууганы. Ал эми 60% үй-бүлөнүн достору эсептелинген адамдар: баланы карап тур деп таштап кеткен адамдар же кошуналар.


 Бала жана анын жүрүм-туруму

image8Кырсык каш-кабактын ортосунда дегендей, эч кимибиз кырсыкка же
жаман окуяларга туш болуп калуудан кепилденген коргоого ээ эмеспиз. Анда биз тараптан эмне кылуубуз керек?

1. Балага керектүү сактык чараларын сактоону үйрөтүү керек;

2. Баланы ага кол салынган учурда өзүн кандай алып жүрүүсү керек экендигин үйрөтүү зарыл;

3. Эгер бала кырсыкка же кол салууга учураса, өзүн кандай алып жүрүүнү үйрөтүү керек.


 Бейтааныш адам жана бала

Албетте, балабыз бирөөлөрдөн кордук 9Si_PC0TPtAкөрөт же жоголуп кетет деп эч кимибиз ойлонгубуз да келбейт. Бирок жашоодо биз күтпөгөн нерселер биздин эркибизден тыш эле боло берерин эске алып, баланын коопсуздук менен таанышуусун ар тараптуу жүргүзүшүбүз керек. «Ѳзүңө сак бол, коншунду ууру тутпа» же «Сактанганды Кудай сактаптыр» деген эл оозунда айтылып жүргөн кептерге көңул салып карап, кырсыктан алыс жүрүү – адамдын өз тарабынан болгон сактануу аракетине да кандайдыр бир деңгээлде байланыштуу экенин эске алып коюу абзел.


 Жомоктор аркылуу баланы коопсуздукка үйрөтүү

Влияние-сказки-на-детейКөп нерсени биле элек балага дүйнө таанытууну ар тараптуу изденүүнүн жардамы менен ишке ашырса болот: оюн аркылуу, сүрөт аркылуу, түшүндүрмөлөр аркылуу, аңгемелер аркылуу. Алардын бири – жомоктор. Жомоктор баланын жан-дүйнөсүнө жакын, түшүнүүгө оңой. Жомок бизге ойдон чыгарылган каармандар аркылуу чыныгы жашоонун укмуштуудай сырларын ачып берет. Демек, жомок чыныгы жашоо менен байланышы бар болгондуктан, алар аркылуу көп нерселерге үйрөнсө болот. Жомоктор бизди эмнелерге үйрөтөт?